Кызым 4 жашта. Түнкүсүн төшөккө сийип коет. Бул адаты чоңойгондо калып калабы же дарыгерге көрсөтсөмбү?
// //
Кызым 4 жашта. Түнкүсүн төшөккө сийип коет. Бул адаты чоңойгондо калып калабы же дарыгерге көрсөтсөмбү?
уролог, медицина илимдеринин кандидаты
Урматтуу айым, муну медицинада "энурез" деп коет. Бала түндө уктап жатканда билбестиктен төшөккө заара ушатат. Организимдин баарын, анын ичинде табарсыкты дагы нерв системасы башкарып турат. Жаш балдардын нерв системасы толук калыптана элек болгондуктан бул ооруга чалдыгышат. Кызыңыздын чоңоюшу менен, нерв системасы калыпка келип, оору өзү эле өтүп кетет. Андыктан, энурез андай деле коркунучтуу эмес, убагы кегенде кетип калат. Болгону сабырдуу жана чыдамкай болуңуз.
Төмөнкү эрежелер сизге жардам болуп бере алат: