// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Орозодо маструбация кылып койдум

Орозо кармайм. Кечээ күнү кармана албай мастурбация жасап койдум. Бир күндүк орозону бузса 60 күн каффарат орозосун кармоо керектигин билем. Күнөөмдөн арылуу үчүн, башка кандай амалдарды кылсам болот?

Эксперттин жообу
01.06.2018, 11:34

Улан Усупов

Теолог

Сиз тообо келтирип, экинчи мындай жаман ишке барбаңыз. Себеби мастурбация – бул күнөө. Ал күнү кармаган орозоңуз каза болуптур. Орозо айы аяктаган соң казасын бир күн кармап бересиз. Бирок, дагы бар жолу кайталап мастурбация кыла турган болсоңуз, куттуу айда күнөө кылууну улантканыңыз үчүн каффарат орозосун кармап каласыз. Кылган аракетиңиз үчүн жараткандан кечирим сурасаңыз, кудай таала кечирет - деп ишенебиз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт