18 жаштамын. Канча жашка чыкканда ата-энемди ажыга алып барсам болот?
// //
18 жаштамын. Канча жашка чыкканда ата-энемди ажыга алып барсам болот?
Улан Усупов
Теолог
Урматтуу мусулман бир тууганым, ниетиңиз кабыл болсун! Ажылык - ар бир мусулмандын өмүрүндө бир жолу аткара турчу, өтө маанилүү ибадаты, парзы. Ак мээнетиңиз менен чогулткан каражатыңыз менен ажылык милдетин өтөп келсеңиз, күнөөлөрүңүз кечирилип, Жараткандын алдында жүзүңүз жарык болот. “Канча жашымда алып барсам болот” деп сурап жатасыз. Сизге айтарым балакат жашына келген, ден-соолугу жайында болгон мусулмандын мүмкүнчүлүгү болсо, ата-энесин ажыга алып барып келе алат. Алар менен бирге өзүңүз дагы барып, ажылык парзын өтөсөңүз жакшы болот.