// //

“Кыздык белги” деген нерсе жок

2018.04.10, 16:36
33557

Анастасия Лундквист – Швед сексуалдык билим берүү ассоциациясынын адиси. Кыргызстанда туулуп-өскөн. Анастасия colta.ru журналисти менен Шведцияда балдарга сексуалдык билим берүү кандай таризде жүргүзүлөөрү туралуу маектешкен. Маектин кыздык белги туралуу бөлүгүн сиздерге сунуштайбыз.

- Сиздердин уюм, айымдардын “кыздык белгиси” деген түшүнүгүн жокко чыгарган экен. Эмне себептен мындай чечимге келдиңиздер?

- Сиздин бул сурооңуз бир эле убакта татаал жана жөнөкөй. Жөнөкөйлүгү, кыздык белги деген нерсе жок. Кыздык чел деген эмне? “Баардык адамдар муну биринчи жолу жыныстык катнашка барганда бузулуп, кан ага турчу жука чел кабык катары элестет”. Бирок эч кандай чел кабык жок. Бул биологиянын жөнөкөй суроосу. Эгерде мындай чел кабык жыныстык катнашка бара элек кыздарда болсо, анда алардын этек кири келбейт эле.

Биз “кыздык чел кабык” деген түшүндүрмөнү колдонбойбуз, бул жерде “жыныс кынынын таажысы” тууралуу сөз козгойбуз. Бул ойдон чыгарылган кыздык белгиден айрылганда жоголуп кетүүчү чел кабык эмес. “Жыныс кынынын таажысы”-эч кайда жоголуп кетпеген, биринчи жолу жыныстык катнашка барганда көпчүлүгүндө канабаган, айымдардын жыныс мүчөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү. Биз космос кемелерин учуруу мүмкүнчүлүгүнө жетиштик, бирок айымдардын дене-түзүлүшү кантип жайгашканын толугу менен изилдеп биле элекпиз. Кыздык белги тууралуу жалган пикир, айымдар сексуалдуулугун көзөмөлгө алган, патриархалдык нормаларга байланыштуу деп ойлойм. Дал ушул нормадан улам биринчи нике түнгө байланыштуу үрп-адаттар пайда болгон.

Мен өзүм Кыргызстандан болом. Эсимде, жаш кезимде кыздык белгини калыпка келтирген көптөгөн дарыгерлер бар эле. Бирок мындай ишке дарыгердин этикасы жол бербейт. Себеби “дарыгерлер эч кандай кыздык белги деген нерсе жок экенин өздөрү жакшы билишет”.

- Кызык, сексуалдык революция 60-70- жылдардан бери келе жатат. Бирок жарым кылым өткөндөн кийин кыздык белгинин жоктугу сыяктуу жөнөкөй ачылыштар жасалууда.

- Ооба, көптөр айымдардын клиторунун (жыныстык орган) түзүлүшүн жакшы билишпейт. Ал сыртка чыгып турчу жөнөкөй бир дөмпөк эмес, анын төрт буту, эркектердин жыныс мүчөсү сыяктуу эле дүүлүккөн кезде чоңое турган ири тарамдары бар экенинен кабарлары жок. Биз адамдар бири-бирибизге көбүрөөк окшошпуз. Балдар чоңойгон сайын жыныстык мүчөсү сыртка карай өссө, кыздардыкы жатындын пайда болуусу менен денесинин ичине кетет.

Биз тажрыйба жүргүзүү максатында клитордун 3Д моделин жасатып, көчөдө өтүп бара жаткандардан бул эмне деп сурасак 90 пайызы билбей коюшту. Бул кызык деле эмес, адашпасам клитордун сүрөтү китептерге 90-жылдардын аягында басыла баштаган.

Дагы бир жолу айта кетейин, бул болгону жөнөкөй биология болуп эсептелет. Мунун баары өз кезегинде аялдардын сексуалдуулугуна, ырахат алуусуна көп убакытка чейин тыюу салынып келгендигине байланыштуу.

Ал эми “Репродуктивдик ден-соолук боюнча Альянс” коомдук бирикмесинин мүдүрү Галина Чиркова Kaktus.media сайтынын “Кыздык белги деген эмне? Эмне себептен ал Кыргызстандыктарды кабатырлантат” деген суроосуна жооп берди:

Кыздык белги бар болсо, этек кир келбейт эле

“Кыздык чел кабык” эмне деген суроодон баштайлы. Бул жерден мен европалык адистин айтып жаткандарына толугу менен кошулам. Эмне себептен бул чел кабыкты “ таажы” деп аташат? Себеби бул тери, булчуң же жука катмар сыяктуу жыныс мүчөнүн оозун жаап туруучу тутумдаштыргыч ткань эмес. Эгерде кызда бул сыяктуу жыныс мүчөсүнүн оозун жаап турган тутумдаштыргыч ткань болсо, этек кири келген учурда, кан сыртка ага албай калмак. Ошондуктан жооп жөнөкөй эле, “кыздык чел кабык”- жыныс мүчөнүн оозунда таажы сымал болуп, аны бир азга жаап турган, тешикчеси бар органикалык ткань. Кээде бул ткандын тешикчеси ушунчалык чоң болгондуктан, биринчи жолу жыныстык катнашка барганда кан агуу, оорутуу болбойт. Эмнеге десеңиз, кээде ткань чоюлчаак, өнөктөштөр ортосунда ишеним мамилеси өтө ысык жана берилүү менен болгондуктан, бул тканга доо кеткен эмес. Кээ бир айымдардын жыныс мүчөсүнүн кире бериши тыгыз жабылгандыктан этек кир каны чыгуу үчүн жаш кезинде кестирүүгө дуушар болушат.

Жыныстык катнаш убагында кан агуу көп жолу сексуалдык катнашка барган айымдарда дагы болот.

Алсак, жыныстык катнаш зомбулук же даярдыгы жок капыстан болсо, жыныстык орган майланууга жетишпей, жыныс мүчөнүн былжыр чели жаракатка учурап, кан агууга алып келет. Кыздык белгинин так аныктамасынын жоктугуна баардык адистердин макул болгонуна көп болду. Кыздык белги-сапаттын, кол тийбегендиктин, тазалыктын белгиси эмес. Бул болгону кээде көп майда тамырлардан турган, кээде мындай тамырлары жок чоюлчаак болгон бир ткань.

Кыздардын 20-30 пайызы кыздык белгиси жок төрөлөт

Статистикага көз жүгүртсөк бүгүнкү күндө кыздардын 20-30 пайызы кыздык белгиси жок төрөлөт. Табигат жыныс мүчөсүнүн таажысы жок төрөлүүнү убагында бизде куйруктун рудименты болгондой, атавизим катары кабыл алат. Кичинекей кыздарга бул таажынын эми кереги жок. Эмнеге десеңиз, мурун кыздар ич кийим кийчү эмес, ойноп жүрүп каалаган жерине отура калар эле. Бул белги мындай учурларда коргоочу милдеттин аткарчу. Бүгүнкү күндү мунун бизге дагы, табигатга дагы кереги жок. Адам азыр башка чөйрөдө жашап жатат. Биз кыздык чел кабык атавизминин жардамы жок эле, гигиенаны сактоону үйрөндүк.

Эркектер айымдардын кыз же кыз эместигин ажырата алышпайт

Баарына бул ачылыш болушу мүмкүн, бирок чындыгында эркектер айымдын кыз же кыз эмес экенин ажырата албайт. Бул айымдырдын жыныс мүчөсүнүн өзгөчөлөгүнө байланыштуу. Биологиялык жактан бул абдан кызыктуу орган. Мисалы, төрөт учурунда 35 жолу чоңоет жана кичирейе алат. Ошондой эле гинекологдор кыздык чел кабык бузулганбы же жокпу так аныктай алышпайт.

Кыздык белгинин бузулуу экспертизасын биринчи күндө гана жасоого болот.

Кээ бир эркектер айымдын кыз же кыз эмес экендигин сезебиз деп айтышат. Бул жаатта адис болуу үчүн, канча деген өнөктөшү болуш керек? Бул болгону имиштер.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
D
Diana Dianovna
03.07.2020, 18:04

Салатматсызбы менин кыздыгым барбы жокпу билбейм эмне кыларымды дагы билбейм менин жашым Эми 15 жашта мындан Бир жыл мурун мени зордуктап коюшкан Ата энем билбейт алар укса мени олтуруп коюшат ото катал кишилер азр Жогорку окуу курстарга кирип окуп атам бирок жакында эле мед книжка алып Кел деди эмне кылсам болот ал жерде генекологияга текшерилиш керек экен Ата энем билбей туруш керек кыздыгым жок экенин

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт