// //

Эне менен кыздын ортосундагы мамиле

2018.04.10, 15:39
7699

Эрезеге жетип калган кыз бала менен эненин ортосунда көпчүлүк учурда пикир келишпестиктер орун алат. Кимдир бирөөлөр эч нерсе болбогондой жаап жашырып, келишпестикти сыртка чыгарбаса, айрымдары бул туурасында жашырбай курбуларынан же психологдон кеңеш күтөт. Бул ирет психолог Гүлмира Молдокулова кыз менен эненин ортосундагы келишпестиктин себептерин жана чечүү жолун айтып берди.

Эне эрезеге жете элек ар бир баласы үчүн эң жакын адам болгондуктан, балдары ага таянып өсөт. Бирок бала бой жеткенде өз алдынча болууну самап, эненин камкордугунан алыстоону эп көрөт. Бой жетип, өз алдынча боло баштаса да эне үчүн бала дагы эле кичинкей сезилип, аны дайыма коргоого алгандыктан, пикир келишпестик туулат.

Кыз менен эненин ортосундагы негизги пикир келишпестиктер:

  • Коркунуч. Ар бир эле энеде “кызым чоңоюп өз алдынча болуп менден кетип, менин кеп-кеңешимди укпай калат” деген коркунуч болбой койбойт. Ошондуктан эне дайыма кызына “эненин сөзүн угуу керек, айтканын жасоо керек” деп көп эскертип тургандыктан түшүнбөстүктөр жаралат. Себеби чоңойгон кыз өз алдынча болууну каалайт.
  • Эненин орундалбаган кыялы. Кээде аял заты өзүнүн аткарылбай калган кыял максатын кызы же баласы аркылуу жасагысы келет. Мисалы: Өзү кичинекей кезинде жакшы көргөн ийримдерге катыштырып, баланын каалоосу болбосо да ырдатып, бийлетип, сүйрөт тарттырып же комуз черттиртип коет. Мындай көрүнүш бала бойго жетип калган учурда дагы кездешет. Албетте апа “кызым таланттуу болсун, бактылуу болсун” деп аракет кылат, бирок баласынын өз тандоосун, максаттарын эске алууну унуткарып коет. Мына ушул себептерден түшүнбөстүктөр пайда болот.
  • Башкаларга салыштыруу. Баласын башкаларга салыштыруусунун бирден-бир себеби эне өз учурунда дагы ошондой көрүнүшкө туш болгондугунда. “Баланчанын кызы мындай, түкүнчөнүн кызы минтиптир” деп салыштыруу, ортодогу мамилеге жарака гана алып келет.
  • Эненин үмүтү. Эне жаш кезинде ата-энесин угуп, алар айткандай өскөн болсо, балдарынан дагы бул нерсени үмүт кылат. Бирок баардык нерсе ойлогондой болбойт.
  • Алкыш алуу. Эне ойлойт кызым үчүн жашадым, өзүмө дагы караган жокмун, эми ал дагы мага ошондой мамиле кылыш керек деп. Бирок эне күткөндөй болбой калат.

Мындай учурларда кыз өзүнүн укугун коргоп апасы менен мамилесин бузат. Көп учурда бой жеткен уландар апамды өзгөртөм деп ойлойт, бирок чоң кишини өзгөртүп болобу? Таарыныч болгон учурда энемди жазалайм деп, бала чактагы таарынычтарын эстеп күнөөлүү кылганга аракет жасайт. Бирок мунун баары мамиленин солгундашына гана себеп болот.

Мамилени оңдоо жолу:

Эненин дагы кыздын дагы өзүнүн оюу болот жана аны билдирүүгө акысы бар. Бири-биринин оюн кабыл алып, чындап ар бир ойго кызыгуу менен мамиле кылуулары кажет. Ортодогу болуп өткөн таарынычтарды ачык сүйлөшүп, кечиримдүү боло билүү маанилүү. Эгер мамиле аябай оорлошуп кетсе психологдон жардам алса болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт