// //

Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

2018.03.27, 16:01
2670

Үй-бүлө болгон соң казан-аяк кагышып, айрым учурларда түшүнбөстүктөр орун алганы бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Чыр-чатактардын жыйынтыгында айрым жубайлар үй-бүлө очогун сактап калууга бар күчүн жумшаса, айрымдары аракет да кылбастан ажырашып кетишет. Көбүнчөсү абалдан чыгуунун бирден-бир жолу ажырашуу деп билишет.

Акыркы мезгилде үй-бүлө деген түшүнүк өзгөрүп, ага карата жоопкерчилик жоголуп бараткандай. Ортодо пайда болгон бала, жумушсуздук, ала жипти аттоо жана жубайлар ортосундагы сезимдин, сексуалдык мамиленин муздашы үй-бүлө очогуна доо келтирүүдө.

Бир жыл ичинде 7157 жуп ажырашты

Барган сайын дүңгүрөтө той берип баш кошкондор аз убакыт өтпөй эле бойдоктордун катарын толуктап калышууда. Ортодо жылдап бирге түтүн булатып эки айры жолго түшкөндөр, ата-эне ыраазычылыгы үчүн эле баш кошуп, төп келбей калып ажырашкан жубайлар арбын. Улуттук статистикалык комитетинин берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2017-жылы январдан сентябрга чейин никеси расмий каттоодон өткөн 30 604 миң жуптун, 7157си ажырашып тынышкан.

“Ала качуу салты мени бактысыз кылды”

21 жаштагы Жазгүлдү жолдошу (аты өзгөртүлдү) ала качып кетет. Ата-энеси “эл эмне дейт” деп калтырып коюшкан. Учурда Жазгүлдүн күйөсүнө көңүлү жок, башынан бактысыз жашоону кечирип жаткан чагы.

“Үч ай мурун ала качып кетишти. Ата-энем салтка таянып калтырып коюшту. Эми болсо менин күйөмө такыр көңүлүм жок. Мүнөздөрүбүз туура келбейт. Кетем десем ата-энем “эл эмне дейт” деп болбой жатышат. Аябай сыгылып кеттим. Кимге айтууну билбейм.”

"Сезим" кризсистик борборунун жетекчиси, психолог Бүбүсара Рыскулованын айтымында, азыркы маалымат өнүккөн заманда да кыздарыбыздын өз укугун билбей жатышы өкүндүрбөй койбойт. “Эл эмне дейт” деп бейтааныш адам менен жашап калуу бул чоң жаңылыштык:

- Бойго жеткен кыздарыбыз өз укугун билбей келечегине балта чаап жатышат. Өзүңөрдүн жашооңорду ойлогула. “Эл эмне дейт” деп бир көргөн адамга турмушка чыгууга макул болуу бул туура эмес. Мындан кийинки турмушуңар кандай болот эч ким билбейт. 3 айдан бери жашап жатканыңардан кийин сиз баарына макул болгонсуз. Мындай жол менен кете берсеңер, аягы ажырашуу менен аякташы мүмкүн. Кыйналып жашай берсеңиз, кош бойлуу болуп калсаңыз, келечектеги балаңыздын тагдыры кандай болот? Жолдошуңуз менен кийинки жашооңуз кандай болот, сөз таап кете аласыңарбы, баарын жакшылап ойлонуп, анализдеңиз. Ала качуу бул биздин салт эмес. Себеби билбеген адам менен жашоо аябай кооптуу. Ал кандай адам, үй-бүлөсү кандай кабыл алат, эч ким билбейт,- деди.

Учурунда запкы көргөн кайын эне келинин кордойт

Үй-бүлөнүн бекемдигине келин менен кайын эненин, туугандар менен болгон мамилелеринин таасири чоң. Психолог Бүбүсара Рыскулованын айтымында, убагында күйөсүнөн, кайын журтунан катаал мамиле көргөн кайын энелер, келинине дагы туура эмес мамиле жасайт. “Мен дагы чыдап жашагам, сен дагы чыдагын” деп келини менен баласын кайраштырып, “аялды башынан карма, ордуна отургузуп кой” деп баштайт.

“Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди абдан жакшы көрөбүз. Бирок үй-бүлөбүзгө туугандарыбыздын, кайын энебиздин кийлигишүүсүнөн улам көп урашабыз. Чыдабай кетип калам, бирок сезимдериме баш ийе албай, кайра келем”

Психолог баары энелик кызганычтын айынан болоорун айтат:

- Үйлөнгөнгө чейин апалап жанында жүргөн баласынын башканы жактырганын кабыл ала албай, аны 30-40 жашка чейин жанына алып жүрө берет. Бул туура эмес. Эгерде эне баласын жакшы көрсө, сүйүп алган жары менен бирге болуусуна жардам берип, кандай болгон күндө дагы баласы аны жакшы көрөөрүн унутпашы керек. Эгерде маселе такыр эле чечилбей жатса, келиниң жаман болсо кетирип жибер деген туугандарга эмес, үй-бүлөлүк психологго кайрылып кеңеш алса туура болот. Ызы-чуу идиш жуубай койду, кеч турду деген майда-чүйдөдөн чыгат. Келин дагы чарчайт, балалуу болсо баласын карап, түнү менен уктабай чыгышы мүмкүн. Ортодо же апасына же жарына тарта албай баласы эле кыйналат. Андыктан кайын эне түшүнүү менен аракет кылса дейт элем. Кыздар дагы кээде келин болуп барганда кайын журтун теңине албай же менин үйүмдө мындай болчу деп ката кетирип алышат. Андыктан кыздарга дагы айтаарым, улууну сыйлап жаңы үйгө барганда алардын тартибине көнгөнгө аракет жасоо зарыл. Туугандары кийлигишип жатканда жубайлар өз ара сүйлөшүп, бир чечимге келип алышы керек.

Сексуалдык көйгөй жубайлар мамилесин солгундатат

Үй-бүлөлүк жашоодо жубайлар үчүн төшөк маселеси өтө маанилүү. Жыныстык мамиленин солгундашы ажырашууга алып келиши толук ыктымал. Мындай абалга кептелген жубайлардын бири өз окуясын төмөнкүчө айтып берди:

“34 жаштамын. Үйлөнгөнүбүзгө 8 жыл болду. 3 балабыз бар. Быйыл күйөмдүн мага болгон мамилеси өзгөрдү. Ортодо сыйыбыз калбай бара жаткандай. Ал мага аял катары көңүл бурбай калды. Чогуу жатсак, ары карап алат. Жаштыгымды минтип өткөрүүнү каалабайм. Эмне кылсак болот?”

Дарыгер, сексолог Илья Комаровердин пикиринде, жубайлар жыныстык жашоосун ар түрдүү кылууга аракеттенип туруу зарыл. Көп жыл жашаса дагы сөзсүз романтикага орун берип, балдарды чоңойтууну гана милдет кылып албастан, айына бир эки жолу болсо дагы өздөрү үчүн майрам кылып алганды үйрөнүү абзел дейт:

- Өнөктөшкө болгон сексуалдык кызыгуу себепсиз жок болуп кетпейт. Интимдик мамиле жүйөлүү себептерден улам бузулат. Адамдын организими жыныстык катнашта болуп турууга негизделген. 14-15 курактагы жаштар интимге бара алгандай эле, 50-90 жаштагы адамдар дагы барат. Сезимдер жоголуп кетпейт, болгону көнүп калуудан, монотондук жашоодон болот. Андыктан жыныстык катнашты ар түрдүү кылууга аракеттенүү керек. Күндө эртең менен ботко менен кофе иче берсең тажайсың. Бири-бириңерди сүйгөндөн кийин жагууга аракет кылгыла. Индиялыктардын жыныстык катнаш ыкмалары бар, ошону колдонгула. Дайым эле жыныстык катнашка жатаканда бара бербестен, дачага, мейманканага, батирге же болбосо табиятка барып кошулуңуздар. Балдарыңыз же туугандырңыздар тоскоол болуп жатса, аларга киного билет алып берип койсоңуздар, эки саатыңыздар пайда болот. Бул убакыт интимге барууга толук жетет. Сиздер жашоонун кызыгы болгон кумарды алып жашоого милдеттүүсүздөр.

Ал эми психолог Бүбүсара Рыскулова:

- Бир жактан гана күнөө издебей, өзүңүздөн дагы издеңиз. Алсак айымдар башында өздөрүн карап, жолугушууга жасанып чыгышат. Турмушка чыккандан кийин төрөдүм баары бүттү деп, халат кийип, чачына бигуди коюп, толуп, өздөрүн таштап коюшат. Ал эми эркектер көздөрү менен дагы сүйүшөт. Аракет кылып, ар бир маалда мамиле түзгөндү үйрөнүңүз. Эң оңой жолу ажырашып кетүү. Баягыдай болбосо дагы, мамилени жандандырса болот, - дейт.

Билип туруп жубайынын көзүнө чөп салуу бул-айбандык

Ошол эле учурда, үй-бүлөнүн урашына ала жипти аттоо дагы себеп болот. Сексолог Илья Комаровердин пикиринде тарыхта Курманжан Датка, Манастын үй-бүлөсүндөй бекем үй-бүлөлөр болгон. Биз ошолорго теңелип, үлгү алшыбыз керек. Аң-сезимдүү абалда жубайынын көзүнө чөп салуу бул ыплас нерсе жана аны кечирип болбойт.

- Тууган-урукка, ата-энеге салыштырмалуу жубайлар бири-бирине абдан жакын болот. Биринчиден чыккынчылык кандай мааниде болду. Эгерде жубайлардын бирөөсү аң-сезимсиз, алкоголдон же бирөө ичимдигине кофеин кошуп коюп, зордукталып калса башка кеп. Эгерде билип туруп көңүл ачуучу жайларга барып, ал жайлардын дааратканалары сыяктуу ыплас жеринде жыныстык катнашка барса бул сүйүү эмес, бул айбандык. Мындай нерсени кечирип болбойт. Тынч, түз жашап жаткан үй-бүлөсүнө оору алып келип, жуктуруп коюп жубайынын көзүн кантип карайт. Дал ушундай адамдардын айынан жубайлары сифилис сыяктуу ооруларга кабылып, тукумсуз болушат. Мага “Күйөм мас абалында бирөө менен жыныстык катнашта болуп коюп, ооруп калдым, балалуу боло албай жатам” деп көп аялдар кайрылат. Өзүңүзгө караңыздар, кечире алсаңыз кечириңиз. Бул чыккынчылык, мен муну колдобойм, -деди

Үй-бүлө берекесин кантип сактап калса болот?

Көп учурда үй-бүлөдөгү мамиле ортодо пайда болгон баладан, жумуштан же каржы маселесине тийиштүү көйгөйдөн улам муздай баштайт. Жубайлардын ортосундагы ысык мамиле өчпөсү үчүн эмне кылуу керек? Бул суроого психолог Ильдар Акбутин жардамчы боло ала турган бир канча ыкмаларды айтып өттү:

Баары кандай башталганын эске түшүрүңүздөр

Убакыттын өтүшү чыдамкайлуулукту, назиктикти, кабыл алууну жана түшүнүүнү жогото баштайбыз. Эстесек дал ушул сезимдер менен мамилени баштаганбыз. Буларды кайтарып алыңыздар. Жубайыңызды сүйүүгө толгон көздөр менен кароо үчүн булар абдан керек болот. Чогуу олтуруп алып, биринчи жолугушууңуздарды, эсте калган жагымдуу күндөрүңүздү эстеңиздер.

Өнөктөшүңүзгө каалоолоруңузду ачык айтыңыз

Биз көпчүлүк учурда жубайыбызды бизди жакшы билген экстрасенс катары ойлойбуз. Андыктан айтылбай калган каалоолорубуз конкреттүү күтүүлөрдү пайда кылат. Бул күтүүлөрүбүз орундалбаса ортодогу мамиленин бекемдигинен күмөн санай баштайбыз. Ал эми сүйүктүүңүзгө эмне каалап жатканыңызды жөн гана айтып коюу жетиштүү болот. Бул эң мыкты чечим.

3 ой-3 окуя

Ар бир күнү кечинде бири-бириңиздерге бир күн ичинде сиздерге таасир берген үч окуяны же акылыңыздарга келген үч маанилүү ойду айтууну адат кылыңыздар. Жыйынтыгында ортодогу баарлашуу жандаганын көрүп алып таң каласыздар.

Бош убактыңыздарды өзгөчө кылып өткөрүңүздөр

Унутулгус эс алууну өткөрүүгө ылайыкталган 10 жерди табуу же бир дагы тыйын керектебеген романтикалуу жолугушуунун 20 сценарийи. Идеялар абдан көп, болгону сиздин ой-жүгүртүүңүз керек. Диванда олтуруп алып, сыналгы астында пицца жегенге ар убакта жетишесиздер, андыктан саякатты издеңиздер.

Жумушуңузду жана ага байланыштуу көйгөйлөрүңүздү үйгө алып келбеңиз

Баардык жумуш маселелерин өз ордуна таштап чыгыңыз. Үй-бүлө дагы көңүл бурууну талап кылган маанилүү жумуш экенин унутпаңыз. Көп учурда жубайыбыз сүйлөп жатканда башка ойлор тууралуу ойлойбуз. Ал эми бул нерсе анын көңүлүн түшүрүп, ачуусун келтирет.

Урушуп-талашсаңыз, тыныгуу алыңыз

Ачууланып, жарылайын деп турсаңыз дагы өзүңүздү колго алыңыз. Токтоп туралы, маектешүүнү 10 мүнөт же бир күндөн кийин баштайлы деп белгилүү бир мөөнөткө чейин тыныгуу алыңыздар. Эмоциялар басаңдаганда гана, суроого татыктуу жооп табылат.

Ортодогу мамилени сактоо эки адамдан көз каранды. Сүйүү бүттү деп баарын таштап басып кетүү оңой. Мамилени дагы бапестеп багып, адамды сүйүп жар кылып алгандан кийин жоопкерчиликти аягына чейин алып кетүү керек. Ал эми ортоңуздарда пайда болгон көйгөйлөрго жооп таба албай жатсаңыздар, www.bilesinbi.kg сайтына же WhatsApp 0704 004 608 номерине суроолоруңузду узатыңыздар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт