// //

Жалгыздыктан тажадым

2018.01.18, 10:26
3257

Мен жалгыздыктан тажадым. Он жаштамын. Атам жок, апам кечке жумушта, үйгө чарчап келип, кирээри менен эле уйкуга кетет. Эс алуу күндөрү өзүнүн жеке жашоосуна көңүл бурат. Болгон убактымды мени багып чоңойткон таенем менен өткөрөм. Бирок анын дагы жумушу көп, сериал көрөт, тамак жасайт, курбулары менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Эмне кылсам болот?

10 жаш-өзүңүздү издеп табууга мүмкүнчүлүк берген сонун курак. Ооба, таенеңиз менен убакыт өткөрүү сизди зериктирет. Андан көрө эмнеге кызыгасыз, кандай максаттарыңыз бар, эмнелерди үйрөнгүңүз келет жакшылап ойлонуңуз. Мүмкүн ал спорттун бир түрүдүр, балким жаңы тил үйрөнгүңүз келет, багыттар абдан көп. Көбүрөөк китеп окуңуз. Себеби ал жактан баардык суроолорго жооп таба аласыз. Ошондой эле машыктыруучуңуз, мугалимиңиз же болбосо туугандарыңыздан бирөөнү устат кылып алыңыз. Айтымыңызга караганда сиз үйдүн жалгыз эркеги экенсиз, андыктан апаңызга, таенеңизге үй жумуштарына жардам берип, кол кабыш кылыңыз. Чыныгы эркек баарын жасай алышы керек.

Менин досторум жок, ата-энем менен ачык-айрым сүйлөшпөйм. Эч кимге ишенбестен, көйгөйлөрүмдү өзүм чечип көнүп калгам. Коркуп жатсам дагы ыйлабайм. Кантип өзүмдөгү терс энергиялардан арылсам болот?

Мүмкүн башыңыздан кандайдыр бир оор стрессти өткөрүп, жашооңуз сиз каалагандай болбой жаткандыр. Менимче көйгөй үй-бүлөңүздө болушу мүмкүн. Өзүңүз ишенген чоңдор менен сүйлөшүп үйрөнүңүз. Мектеп психологуна кайрылыңыз. Терс энергиялар адамдардын баарында болот. Андан арылууга спорт, хобби жана достор менен болгон баарлашуу жардам берет. Ыйлап, ичтеги арыз-муңду чыгарып алуу айымдарга гана эле эмес эркектерге дагы пайдалуу. Сөзсүз түрдө өзүңүздү түшүнүүгө аракет кылсаңыз, баары жайында болот.

14 жаштамын. Эч нерсеге кызыкпайм. Кандай гана суроо жаралбасын, мага “баары бир” деп жооп берем. Жакшы окуйм, өзүмдүн жеке каалоолорум жок болгондуктан чоңдордун айткан ар бир өтүнүчтөрүн аткара алам. Бул коркунучтуу эмеспи? Өспүрүмдөрдө кандайдыр бир кызыгуу болушу керекпи?

Сиз 14кө чыгып калганыңызга карабастан досторуңуз, кызыгууларыңыз жок экен. Биринчиден бул нерсенин себебин, пайда болгон убактысын билүү зарыл. Эркек баланын ар бир жаш курагында бир нерсеге умтулуусу, максаты болушу керек. Андыктан жүрөгүңүздү тыңшап, туура чечим кабыл алганга аракет кылыңыз. Сизди түйшөлткөн көйгөйдү аныктап, ага жооп издеп жатканыңыздын өзү эле ийгилик. Андыктан изденүүдөн баш тартпаңыз. Адам ар бир курагында бактылуу болууга акысы бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт