// //

Америкага кетүү жолдору

2018.02.15, 17:08
30646

Америкага барып окусам, иштесем деп эңсеген жаштар арбын. Максатына жетүү үчүн эмнелерди кылуу керектигин билбей, жол издегендерге Американын Сан-Франциско шаардык колледжинде, Голден Гейт Университетинде билим алып, тажрыйба топтоп келген мекендешибиз Исабек Асанбаев АКШдагы билим берүү тармагы, виза маселеси жана кетүү мүмкүнчүлүктөрү туралуу айтып берет.

Виза алуу процесси

Америкага кетүү абдан кыйын. Себеби виза баарына берилбейт. Мага 3 жолу баш тартышкан. Баарынан оңою университеттен толук стипендия утуп алып, студенттик виза алуу.

Жумуш визасын алуу үчүн сиз АКШнын бир окуу жайын бүтүрүп, жумуш берчү ишкана таап, алар сизге виза ачып бериши керек. Жаштарга туристтик виза дагы жөн берилбейт. Бул визаны көбүнчө материалдык жактан абалы жакшы болгон улуу муундар алышат.

АКШнын жарандыгын алуу абдан оор процесс. Эң оңой жолу Американын жараны менен баш кошуу. Анда дагы жарандыкты 5 жылдан кийин ала аласыз. Саясий куугунтук жасап, штатта калып калган көп тааныштарым бар. Бул үчүн өз ишин мыкты билген адвокат жалдаш керек. Ал сиздин жагдайыңызды иликтеп чыгып, ылайыктуу тарых ойлоп таап, саясий кугунтук менен калууга жардам берет. Мындай адвокаттар 10,000-20,000 доллар турат.

Дагы бир жолу ар бир жылдын октябрь айында элчиликке жашыл карта алууга арыз жазып, майга чейин жообун күтүү.

Маектешүүгө сөзсүз даярданып барыңыз!

Виза алуу үчүн маектешүү абдан маанилүү. Маектештешүүгө кезек келгенде эч качан толкунданбаш керек. Ишенимдүү жооп берип, берилүүчү суроолорго даяр болуңуздар. Интернеттен кандай суроолор берилээрине көз жүгүртүп чыксаңыз болот.

Күн мурун күзгү алдында бир сыйра даярданып алыңыз.

Берген жоопторуңуз сиздин пайдаңызга чечилгендей болсун. Өз өлкөңүзгө байланган жаран экениңизди, үй-бүлөңүз, байлык, мүлктөрүңүз аркылуу көрсөтүшүңүз зарыл. Башкача айтканда АКШга иммиграция жасабай тургандыгыңызды далилдеп бересиз.

Университетке даярдык

Кантип Америкага окууга тапшырсам болот десениз, баары жөнөкөй, болгону убакытты туура пайдаланууну үйрөнүңүз.

8-класстан баштап англис тилин жана математиканы терең окуңуз.

Бүтүрүп жатканда TOEFL жана SAT тестин тапшырып, чет элдик студенттерге стипендия берген 5-6 университетти тандаңыз.

Окуу жайга кирүү эссесин 10-класстан эле жаза баштаңыз. 11-класстын башында Common App аркылуу өзүңүз тандаган университеттерге жибересиз, экинчи жарым жылдыкта кайсы окуу жайга өткөндүгүңүз тууралуу толук маалымат келип калат.

Мен жашыл карта утуп алган, бирок англис тилин билбей туруп Америкага келген бир топ адамдарды билем. Эгерде сиз университеттен толук стипендия алууну кааласаңыз, тилди мыкты деңгээлде билишиңиз зарыл. Эң негизги талап SAT тестинин упайы. Эгерде сизде бул тесттен жогорку упай болсо Гарвард сыяктуу университеттерге тапшырсаңыз болот. Упайыңыз орто болсо кайгырбаңыз, стипендия берген башака университеттер бар.

https://www.niche.com/   сайтына кирип, АКШнын университеттери менен таанышып жана бири-бири менен салыштырып көрсөңүз болот. АКШга жолго чыгуу үчүн чет жакага чыкчу паспорт, сиз тапшырган университет жибере турчу I-20 формасы керектелет. Дал ушул форма менен студенттик виза аласыз.

АКШ жарандыгын кантип алса болот?

Канча сом керек?

АКШнын университеттеринде билим алуу баасы, жайгашкан шаарына, штатына же сапатына жараша болот. Мен биринчи окуу жайыма жылына 10 000 доллар беришим керек эле. Бул баанын ичине жатакана жана тамак-аш кирчү. Кийинки университетиме жатакана жана тамак-аштан тышкары жылына 21, 000 доллар төлөчүмүн.

Сан Франциского жаңы келгенде айына 3,000 доллар тапчумун. Бул сумманы ай сайын окуум менен жашаган бөлмөнүн батир акысына жана тез-татымдан жарытпаган тамак алып жегениме жетчү. Мындайча айтканда айына батирге 600$, тамак-ашка 300-600$, транспортко ( автобус, метрого) 60-100$ коротчумун. Биринчи убактарда айына 1000$ чыдап жашаса болот, баары өзүңүздүн ыңгайыңызга жараша.

Жумуш маселеси

Студент кампустун аймагында жумасына 20 саат иштегенге укугу бар.

Кампустан тышкары иштейм десеңиз, атайын уруксат аласың. Ал үчүн сен кембагал, чыгашаларыңды жабуу үчүн кошумча акча керек экенин тастыктап бересиң. Кампуста жумуш көп эмес, суроо-талап сунуштан жогору. Мен кампустан тышында нормадан көп, жумасына 70-80 саат иштедим. Бирок сиздерге стипендия алганга аракеттенип, көп иштебегиле деп кеңеш берем.

Окуу жайды бүтүргөндөн кийин, АКШда иштеп калуу үчүн тандаган кесибиңиз STEM (Science, technology, engineering, mathematics) тобуна кирсе мүмкүнчүлүктөр көп болот. Каржы жана экономика багыттарындагы кесип ээлерине жумуш аз. Калган кесиптерди айтпай эле коеюн. Менин угушум боюнча жумуш визасын дагы лотореялык ыкма менен беришет экен. Үчөө тапшырса, экөө алат дегендей.

Башкысы баарын учурунда жасап, чыйрак болуңуздар!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
04.05.2019, 16:08

Саламатсыздарбы Америкага Озун гринкард утсан Жубайынды кошо кантип алып кетсе болот и жубайына кантип виза ачтырасын 

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
07.05.2019, 08:50

мен жубайым мн америкага барып иштегим келет мага жардам беруунуздорду жол жобосун корсотуп беруунуздорду суранам

0
Пайдалуу жооп
н
наргиза(замужня) темирова(замужем)
02.06.2019, 15:20

америкага барып иштоо керек кантип барса болот

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
17.09.2019, 15:22

Саламатсыздарбы менда америкага барып жумушка кантип орношсом болот бирок тил билбейм 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт