// //

Кантип англис тилин мыкты өздөштүрсөм болот? Англис тил мугалими айтып берет

2020.05.05, 15:59
8219

Англис тили эмнеге керек? Аны мыкты өздөштүрүү үчүн эмне кылсам болот? Канча жаштан баштап үйрөнүү керек? Бул суроолорго Ала-Тоо эл аралык университетинин англис тили боюнча окутуучусу Нурзат Усупова жооп берди.

Англис тилин үйрөнүүнүн эмне кереги бар?

Азыр глобалдашуу заманы, ар кандай себептер менен чет өлкөгө көбүрөөк каттап калдык. Окууга, иштөөгө, же жөн эле эс алууга барабыз. Ал жактан өзүңдү эркин алып жүрүп, чет элдиктер менен пикир алышуу үчүн англис тили зарыл. Андан тышкары, тил билүү маянасы жогору жумушка орношууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Англис тилин канча жаштан баштап үйрөнүү керек?

Тил үйрөнүүдө андай чек жок. Каалаган адам, каалаган жаш курагында үйрөнүп алса болот. 50-60 жашка чыгып деле тил үйрөнүп жаткандар жок эмес.

Бирок, бир нерсени белгилеп кетүү зарыл. Чынында, канчалык эрте баштаса ошончолук жакшы. Анткени жаш баланын акылы курч, кабыл алуусу тез. Андан тышкары акценти жок, шар сүйлөөгө жакшы шарт түзүлөт.

Тил үйрөнүүнү чечкендер эмнеден башташы керек?

Башкысы баштоо, жана күндө тил үйрөнүүгө убакыт бөлүү. Сөздү эмес, бүтүн бир сүйлөмдү жаттап, аны күнүмдүк турмушта колдонгула. Интернетте түрдүү тиркемелер программалар бар. Алардын ичинен мен Learning English – BBC сайтын сунуштамакмын.

Кино аркылуу үйрөнсө болобу?

Ооба, болот. Бул англис тилин кулагыбыз менен угуп кабыл алууга жана оозеки тилди түшүнүү үчүн мыкты каражат. Башында субтитр менен көрүп, кийин аны өчүрүп коюп, англис тилинде көрүү керек.

Андан кийин көргөн киноңузду курбуларыңызга, досторуңузга оозеки айтып бериңиз. Бул сиз кабыл алган материалдын эске сакталышына жардам берет.

Эркин сүйлөө үчүн эмне кылыш керек?

Бул жерде эч кандай сыр жок. Эркин сүйлөө үчүн көбүрөөк сүйлөш керек. Неигизи тил үйрөнүү процесси бир нече бөлүмдөн турат. Булар оозеки речь, грамматика жана туура жазуу. Мунун бардыгы Ала-Тоо эл аралык университетинде мыкты деңгээлде берилет. Бизде окуган студенттер тилди мыкты өздөштүрүшөт. Биринчи орунда ар дайым практика турат.

Ала-Тоо университетинде сабактар кандайча окутулат?

Бардык сабактар англис тилинде өтөт. Бизде Британиядан, Америкадан келген ага-окутуучуларыбыз бар. Кыргызстандык мугалимдер менен биргеликте окутабыз. Студенттер алар менен бирге көп убакыт өткөрүшөт. Тил үйрөнүүдө бул маанилүү. Чет элдик мугалимдердин сүйлөө манерасын, акцентин, тез сүйлөгөндө түшүнүү үчүн керек.

Демек сөзсүз тил билгендер гана тапшыра алышат экен да?

Жок. Андай эмес. Биз окуу жылынын башында абитуриенттерди англис тилин билүү деңгээлине жараша үч группага бөлүп алабыз. Бир жылдын ичинде эч нерсе билбей келген студенттер англис тилин мурда окугандарды кууп жетишет.

Ала-Тоо университетинде XXI кылымдын ыкмалары колдонулат. Студенттер менен интерактив өткөрүүгө жана практикага басым жасалат. Ошондуктан биздин бүтүрүүчүлөрүбүз тез эле жумуш таап кетишет.

Окууну бүткөндөн кийин чет элдик ЖОЖдорго тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү барбы?

Албетте.

  • Биринчиден, биздин университет TOEFL жана Oxford тесттерин өткөрүп, эл аралык сертификаттарын берүү укугуна ээ. Колледжди бүтүргөндөр Oxford тесттин тапшырышат. Ал эми төртүнчү курстун студенттери TOEFL тестинен өтүшөт.
  • Экинчиден, 21 чет элдик университет менен эл аралык келишимдерибиз бар, студенттерге ылайыкталган программалардын да түрү көп. Экинчи курсунан окуусу мыкты болсо, программаларга катталып, чет өлкөгө кетүү мүмкүнчүлүктөр бар.

Биздин университетибиздин жашоосу абдан кызыктуу. Администрациянын муглимдерге, мугалимдердин студенттерге жасаган мамилеси башкача. Бул атмосфераны сөз менен жеткизүү оор, аны сезүү үчүн Ала-Тоо университетинин студенти болуу керек.

Дагы кошумчалай кетким келип жатат. Быйыл, Ала-Тоо Эл аралык университетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө тапшыруу экзамендери онлайн түрүндө өткөрүлөт. 15-майда математика сабагынан, 16-майда англис тили сабагынан. Онлайн экзаменге катышуу үчүн college.alatoo.edu.kg сайтына кирип катталуу керек.

Онлайн - сынак 2020-жылдын 15-16-майында саат 10:00дөн-18:00гө чейин (сынакты тапшыруу үчүн 60 мүнөт убакыт берилет) өткөрүлөт.

Абитуриент тапшырып бүткөн сынактардын жыйынтыгы абитуриенттин жеке номерине 3-5 күндүн аралыгында жөнөтүлөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт