// //

Жигитим ооруйт, ага кантип жардам берсем болот? Психологдун кеңеши

2020.02.28, 14:07
4592

Кеңешиңерге муктажмын. Жигитим 20 жашта. Былтыр жайдан бери башы ооруп жүрөт. Тайежеси доктур, ошого көрүнсө “опухоль мозга” деген, анан жакында кайра “рак мозга” деп диагноз коюптур.

Жигитим үйүндөгүлөрүнө айтпай, жашырып жүрөт. Сен айта албасаң мен айтайын десем да болбойт койду.

Жазында байкеси авария болгон, ошого ата-энесин ого бетер капа кылбайын дейт.

Мен ага кандай жардам берсем болот? Эмне кылышты билбей турам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2020, 14:07

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Жардам сурап кайрылбагандан кийин, эч кандай жардам берүүнүн кереги жок. Анткени сиз чын жүрөктөн жасап жаткан нерсени башкалар туура эмес кабыл алышы мүмкүн.

Бул кырдаалда сиз тараптан колдоо жана жылуу мамиле гана жетиштүү. Жигитиңиз сиздин жардамынызга чындап муктаж болгондо ал сизге кайрылат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт