// //

Кичинемде эне мээримин көрбөгөнгөбү, апамды жакшы көрө албайм

2020.02.28, 10:41
1379

Саламатсызбы. Апам мени ымыркай кезимде таенеме таштап кеткен. Кийин чоңоюп, эс тартып калгандан кийин, 16-17 жашымда апам менен бирге жашап калдым. Кичинемде эне мээримин көрбөгөнгөбү, апамды жүрөгүм менен жакшы көрө албайм.

Акылым менен түшүнөм, ал мени 9 ай көтөрдү, толгоо тартып төрөдү. Бирок эч эле аны менен жылуу мамиле кура албай койдум. Жүрөгүмдү ооруткан сөздөрдү айтат. Мисалы, “сенин мага керегиң жок!” дегенди көп эле кайталайт. Мындан башка нерселери деле бар.

Апамды күнөөлөгүм келбейт, ал деле турмушу оор болгондон улам, кенедей баласын калтырып иштөөгө аргасыз болду. Эне деген ыйык да. Мен кантип апамды жүрөгүм менен акылым менен жакшы көрө алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.02.2020, 10:42

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн! Өзүңүз айткандай, апаңыз сизди 9 ай көтөрдү, толгоо тартып көз жарды, ошондуктан балдар апаларына сый мамиле көрсөтүп, аларды жакшы көрүүгө милдеттүүбүз, деген ойдобуз.

Бирок, бала менен эненин ортосундагы байланыш, наристенин жашоосундагы алгачкы жылдары түптөлөт. Апасы баланы эркелетип, кам көрүп, ага мээримин төгүп, тарбия берүү аркылуу ортодогу жылуулукту пайда кылат.

Сизде мунун бардыгы болбогонун эске алганда, кайдан жакшы көрүү пайда болмок эле? Андан тышкары сизге катуу тийген сөздөрдү айткан экен. Эненин сөзүнүн баланын тагдырына тийгизген таасири өтө күчтүү болот.

Сиз, апаңызга таарынып, жатканыңызды жана нааразы экениңизди моюнга алуудан коркуп жатасыз. Өзүңүздү карманып жатканыңыз сезилип жатат. Ушундай абалда жан дүйнөңуздүн түпкүрүнөн апаңызга болгон сүйүү сезимин таппай убарасыз. Ал сүйүү, жакшы көрүү кайдан пайда болот, башынан сизге бербесе?

Өзүңүздү өзүңүз кыйнабаңыз. Апаңызга сый мамиле жасаганыңыз жетиштүү. Эч ким, эч качан өзүн кыйнап, башка адамды жакшы көрүп, сүйгөн эмес. Бул сезим өзүнөн-өзү, күчкө салбастан жаралат. Балким убакыттын өтүшү менен апаңызды кечиресиз, андай кийин ага болгон жылуулук да пайда болот.

Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт