// //

Жыныс кынын кичирейтүүчү гельдерди колдонсом болобу? Гинекологдун жообу

2020.02.27, 12:20
6800

Суроом гинекологго: төрт балам бар, төрөттөн кийин жыныс кынынын кичирейтүүчү гелдерди колдонсом болобу? Мисалы “Виржин” гель? Кайсынысы жакшы, айта кетсеңиз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.02.2020, 12:22

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Урматтуу айым, сизде төрт ирет төрөт болуптур, ден соолугунузда бир канча көйгөй болушу мүмкүн. Мисалы: жыныс кынынын капталдарынын төмөн түшүшү (опущение стенок влагалища), жатындын төмөн түшүшү, жамбаш сөөктөгү булчуңдардын бошошу, заараны кармай албагандык.

Мындайда сизге укмуштуудай жана дароо натыйжа бере турган гель, крем, карандаш ж.б. ишенүү - жеңил ойлуулук. Алар жардам берсе да убактылуу эффект гана болот. Бирок ден соолукка кандай таасирин тийгизет, ага эч ким кепилдик бербейт.

Мен сизге алгач гинекологго кайрылып, анализ тапшырып, оорулар аныкталса, дарыланып, андан кийин доктур менен биргеликте жыныс кынын кантип кууш кылуу керек экендиги тууралуу ойлонууну сунуштамакмын.

Ден соолукта болуңуз.

Кегель көнүгүүлөрү:

Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнугүүсү

Кегель көнүгүүлөру 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнүгүү

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт