// //

Жигитим экөөбүз кантип өз сүйүүбүздү далилдеп, бирге боло алабыз?

2020.02.27, 11:26
1304

Жигитим экөөбүз 2 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Биздин мамилебиз жөнүндө бардыгы билишчү: ата-энелерибиз, туугандарыбыз, досторубуз.

Бирок азыр эки жолдо турабыз. Баланын эжелери менин үй-бүлөм жөнүндө сураштырып, жактырышпаптыр. Ошонун айынан көп уруштук. Кийин, мейли, деп баарына чыдайлы деп чечкенбиз. Акыры, үйүндөгүлөр мени келин кылбай турганын билип, аябай жаман абалда калдым. Ортобуздагы мамилени токтоттум. Апасы эмитен мени жактырбаса, кийинки жашообуз кандай болот, элестете албай койдум.

Эми суроо: жигитим экөөбүз кантип өз сүйүүбүздү далилдеп, бирге боло алабыз? Канткенде ушак сөздөргө көңүл бурбай жашоомду улантсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.02.2020, 11:27

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык!

Сиздин жигитиңиз анын туугандары ойлогон ойлору жана жасап иштери үчүн жооптуу эмес. Анын жакындарына карабастан бирге болосузбу, же эки башка жолго түшөсүзбү, сиз гана чечесиз.

Эгер, сизди кимдир бирөө жактырбайт же жакшы көрбөйт, деген факт сиз үчүн абдан маанилүү болсо, жана мындай сезим менен жашай албайм десеңиз, анда ал бала менен кол үзүшкөнүңүз эле жакшы.

Ал эми мени башкалардын пикири, көз карашы кызыктырбайт, мен үчүн өзүмдүн жана сүйгөнүмдүн сезимдери маанилүү десеңиз, анда, алга!

Эки жуптун сүйүүсүн башка адамдар буза албайт, экөөнүн чечими менен гана мамиле токтойт. Сиздин көйгөйүңүз – өтө импульсивдүүсүз, эмоцияларга алдырып, чечим кабыл аласыз.

Эгер жигитиңизге, анын сезимдерине ишенсеңиз, бири-бириңерди ар дайым сыйлап өтө турганыңызга көзүңүз жетсе, анда сүйүүнү башкаларга далилдөөнүн зарылчылыгы жок. Экөөңөрдүн билегниңер эле жетиштүү.

Сизде ар дайым тандоо бар. Маселен, ушул ситуацияга эки башка реакция кылсаңыз болот: 1) жигитиңиз менен чырлашып, урушуу, кол үзүшүү же 2) бардыгын жайдары кабыл алып, сүйлөшүп, ортодогу ишенимди бекемдетүү.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт