// //

Үйлөнгөндөн бери байкем өзгөрүп кетти, биздин үй-бүлөнү унутту

2020.02.26, 14:50
1271

Саламатсызбы! Мен силерден кеңеш алайын дегем. Эң улуу агам үйлөнүп, үйгө жаңы келин келди, кандай болот деп күдөр болуп жүрдүк. Эмне жумуш болбосун, апам экөөбүз тең жардам беребиз. Жакшы мамиле кылганга аракет кылдык.

Күндөр өткөн сайын жеңем да, аны менен байкем да өзгөрө баштады. Жеңем байкеме мени жаманатты кылып урдурган күндөрү да болду. Эмне сөз айтпайлы агам үчүн биздики жалган, жеңемдики туура болуп чыгат.

Азыр алар Москвада иштеп жүрүшөт. Тогуз айлык кызын апам карап калды. Тапкан акчасынын бардыгын жеңемдин үй-бүлөсүнө салышат. Апам ага да макул болду. Бир сөз айтса эле, кыйкырып урушуп салат.

Байкемди такыр эле жоготуп алмай болдук. Бул жакта ата-энеси, бир туугандары бар экенин кантип эстетсек болот? Эмне деп айтышыбыз керек?

Бул катты ыйлап отуруп араң жаздым.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.02.2020, 14:51

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Байкеңиз менен калыптаннып калган мамилени жана жалпы ситуацияны талкулоодон мурун менде төмөнкү суроолор пайда болду.

Силер башынан келинди кандай кабыл алгансыңар? Балким, ага болгон терс мамилеңерден улам азыркы абал келип чыкты? Сиз байкеңизди кызганып жатасызбы?  

Болгону ар бириңер жеңеңиз жана сиз аны өз тарабына өткөрүп алгысы келип жатат. Бирок бир фактыны эске алып койгула – ал үйлөндү. Демек өз алдынча бөлүндү, өз алдынча үй-бүлө курду. Силерге мурдагыдан азыраак көңүл бөлө баштаганы нормалдуу көрүнүш.

Ал эми силердин сөздөрүңөргө жинденип, ачууланып реакция кылганы, анын жеке жашоосуна кийлигишүү катары кабыл алып жатса керек. Мындайда аны менен улуу муундагы эркек киши сүйлөшсө туура болот. Анткени сиз ал үчүн ар дайым кичинекей кыз, карындашы бойдон каласыз, ал сиздин айткандарыңызды кабыл албайт.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт