// //

Уреаплазма болгондо кайсы дарыны ичиш керек? Уролог жооп берет

2020.02.26, 13:27
1872

Саламатсызбы. 2 жума мурун досум уреаплазманы жуктуруп алыптыр. Аны дарылаш үчүн кайсы дарыны ичиш керек жана канча күн дарыланат? Ошондон бери көтөн чучугу кычышып, бир нерсе жүргөндөй болуп атат, дейт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.02.2020, 13:28

Азат Бейшенов

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог

Саламатчылык. Көтөн чучуктун түшүшүнүн уреаплазмозго эч кандай тиешеси жок. Ал ооруну аныктап, дарылоо үчүн проктологго кайрылууну сунуштайм.

Ал эми уреаплазмоз – бул жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялык оору. Бул дарт менен аялдарга караганда эркектерде көбүрөөк кездешет. Ал табарсык системасын жабыркатат. Өзгөчөлүгү, башкача айтканда эң жаман жери - көбүнчө эч кандай белгиси жок өтөт. Ооруган киши билбестен жыныстык өнөктөштөрүнө инфекция жугузат.

Негизги симптомдору:

  • жыныстык органдардан ириң агышы (гнойные выделения);
  • заары кылганда ачышуу, кычышуу;
  • жыныстык контакт учурунда оорутуу;
  • ичтин төмон жагы ооруйт, дискомфорт пайда болот.

Уреаплазмозду дарылоо индивидуалдуу жол менен гана жүрөт. Анда бейтапка антибиотиктер жазылат. Дарылар жазылганда ооруган кишинин жынысы, жаш курагы, ден соолугунун абалы ж.б. эске алынат. Өз алдынча дарылануу ооруну күчөтүп, өнөкөт формага өткөрүп жибериши мүмкүн. Уреаплазмоз өтүшүп кеткенде тукумсуздукка алып келет.

Орто эсеп менен дарыланууга 2 жума керектелет. Дарылануу оор деле эмес, болгону ачуу, таттуу, туздуу жана куурулган тамак аштан убактылуу баш тартуу керек. Андан тышкары дары ичип жаткан мезгилде жыныстык катнашка барууга тыюу салынат.

Ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт