// //

Көз тийгенде көз мончок тагынса күнөө эмеспи?

2020.02.26, 12:55
4401

Саламатсызбы! Менин сурайын дегеним көз тиет дегенге кандай караш керек? Исламда мындай түшүнүк барбы? Көз мончок такса болобу? Кантип сактануу керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.02.2020, 12:58

Кадыр Маликов

Теолог

Исламда көз тийүү деген түшүнүк бар. Мисалы, Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзү көрө албастык көз тийүү бар экенин көрсөткөн. Тактап айтканда, көрө албастыктан улам адам бирөөгө жамандык каалап көз тийгизет. Ошондой эле, курандын акыркы 114-сүрөөсүндө кудай көз тийүү жөнүндө айтат. Көз тийүү деген түшүнүк исламда гана эмес көптөгөн башка диндерде да бар.

Бирок, кудайга ишенген адам көз мончок тагынбашы керек, көз тийүүдөн курандагы сүрөөлөр коргойт, жардамды кудайдан сурайт. Ниети менен атайын аяттарды, сүрөөлөрдү же дубаларды кайталап окуу зарыл. Дагы айтам, көз мончок тагуу жардам бербейт, алар көз тийүүдөн сактабайт. Балада көз тийүүнүн белгилери байкалса, курандагы белгилүү  аяттар жана сүрөөлөр жардамга келет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт