// //

Мени зордуктаган жигит үйлөнөм дегенинен сотко арыз жазбай койгом

2020.02.26, 11:13
6737

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

“Азыркы тапта эмне кылышты билбей турам”,- деп сөзүн баштаган студент кыз өз окуясын айтып берди.

Үйлөнөм дегенинен сотко арыз жазбай койгом

Балээнин баары өзүмдөн алты жаш улуу жигит менен таанышканда башталды. Көп өтпөй кыз-жигит болдук. Бир күнү жолугушууга чакырды. Машинасында сүйлөшүп отурсак суу берди. Жаман оюм жок ичип алдым. Сөзүбүздү уладык. Анан эле жигитим көзүмө башкача көрүнүп, башым айланып, уйкум келе баштады.

Кыз үйүнө жеткизип коюшун суранып дарегин берген. Бирок жигит унаасын ал айткан жерге эмес, башка жакка айдап жөнөйт.

Ошол сууну ичкенден кийин уйкум келе берди. Көзүмдү ачсам тааныш эмес жерде турабыз. Анан... Өзүмдү жаман сезип жатканымды айтсам, “азыр жакшы сезип каласың” деп зордуктап койду.

Студент кыз сотко арыз жазууну чечет. Бирок жигит үйлөнөөрүн, сүйөөрүн айтып жалынат.

Кечирдим. Менде башка арга жок эле, себеби аны сүйүп калгам. Жолугуп, жыныстык катнашта болуп жүрдүк. Көп өтпөй кош бойлуу экенимди билдим. Жигитим сүйүнөт экен дегем, бирок “боюңдан алдыр” деди. Үйлөнөм деп сөз бергенин эскерттим, ар кайсы шылтоону айтып, макул болбой качып баштады. Досторуна жолугуп сураштырдым. Үй-бүлөлүү, ал тургай бир баланын атасы экен. Мени алдаптыр. Эми эмне болот? Жигитимдин мени менен да, аялы менен да жашай турган оюу бар экен.

“Ал жигит сизди сүйбөйт, сыйлабайт жана келечекте сиз менен болбойт”,-дейт психолог Тамара Воронцова.

Кымбаттуу студент кыз! Жигитиңиз мамилени калптан баштаган – сууга уктатуучу дары салып зордуктап койду. Боюңуздан алдырышыңыз керек экенин айтып жатат – бул экинчи чыккынчылык. Аялы, баласы бар экенин айткан эмес – үчүнчү чыккынчылык. Экинчи аялы болууну сунуштап жатат, тактап айтканда эч кимиси, балким сексуалдык каалоолору үчүн.

Анан сиз аны сүйөм деп айтып жатасызбы? Адамды алдамчылык, чыккынчылык жана зордуктоо үчүн сүйөбү? Кадыр-баркыңыз жана өзүн-өзү сыйлоо сезимиңиз кайда? Эгер өзүңүздү сыйлабасаңыз, ага каалаган нерсесин жасатууга мүмкүнчүлүк берсеңиз, эркек сизди сыйлабайт. Бул дагы, башкасы дагы!

Бала тууралуу суроону апаңыз, ата-энеңиз менен чечиңиз – сизге бир гана алар жардам берет, бул жигитиңиз каалаган учурда, азыр же бала төрөлгөндөн кийин жок болуп кетиши мүмкүн, себеби сиз ага эч кимсиз.

Психолог сөзүнүн аягында жалпы эле кыздарга кайрылуу жасады.

Жигит менен жолугушуп баштаганда ал тууралуу көбүрөөк билгенге аракет кылгыла, азыр интернет деген бар, тармактан жалпы таанышыңарды тапкыла же досторунан сураштыргыла ж.б. Мүмкүнчүлүк болсо университеттен, жумуштан же тааныштарыңар аркылуу таанышкыла. Өзүңөрдүн жана келечектеги балдарыңардын тагдырына кам көргүлө! Бир дагы акмакка жашооңорду талкалап, планыңарды бузуусуна жол бербегиле.

Ал эми "Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов  буларга токтолду.

Эгер окуя чынында эле кыз айткандай болсо, анда жигиттин биринчи жолугушууда жасаган ишинде кылмыштын курамы бар. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренесине ылайык көздөлгөн кылмышты жасаган. Анткени, ал кыздын алсыз абалынан пайдалануу менен жыныстык катнашка барган.

Бул учурда анын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылуу туура болмок. Ал эми, менин түшүнгөнүм боюнча “Кечирдим. Менде башка арга жок эле, себеби аны сүйүп калгам. Жолугуп, жыныстык катнашта болуп жүрдүк” дегенине караганда, кийинки жыныстык катнаштар өз калоосу менен ыктыярдуу түрдө болгон. Мындай учурда ал адам жоопкерчиликке тартылбай калат.

Эмнеси болсо да, бүгүнкү күндө милицияга кайрылса болот. Арыз жазардан мурун жакшы адвокат менен кеңешип алуусу зарыл.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт