// //

Макаронду жегенге болбойбу? Арамбы?

2020.02.24, 17:05
1220

Биз Россияда кайын агамдар менен чогуу турабыз. Үйдө баарыбыз намаз окуйбуз. Кайын агам бизге макарон кошулган тамак жебегиле дейт. "Макаронго кандайдыр бир суюктук кошулуп жасалат, ошол нерсе адамдын аң сезимине, эске тутуусуна терс таасирин тийгизет", деп мечитте айтылыптыр.

Ушул нерсенин канчалык чындыгы бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.02.2020, 17:09

Бактияр Токтогазы уулу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси

Саламатсызбы!

Ар бир азыктын эмнеден жасалганы тууралуу маалыматы бар. Мисалы, макарондун сыртында азык эмнеден жасалганы, мыйндайча айтканда курамы жазылган. Ошону караш керек. Жөн эле макаронду жеген болбойт деп айтуу туура эмес.

Макарондун курамында адатта: макарон өнүмдөрү үчүн жогорку сорттогу катуу буудай уну жана ичүүчү суу, деп жазылып турат. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт