// //

Жол кирени «Тулпар» картасы аркылуу кантип төлөө керек?

2020.02.24, 15:31
1380

Учурда Бишкек шаарынын троллейбус жана автобустарын электрондук билеттештирүү системасына өткөрүү үчүн активдуу даярдыктар көрүлүп жатат. Тестирлөө мөөнөтү аяктаган соң, 2020-жылдын жаз айынан тарта жол кире жалгыз гана ушул карталар аркылуу төлөнөт. 

«Тулпар» картасынын баасы - 50 сом.

Карталарды Beeline'дын төмөндөгү сатуу жана тейлөө кеңселеринен алсаңыз болот:

  • «ЦУМ» 
  • «ГУМ»
  • «Beta Stores 2»
  • «ORDA» («Дордой Plaza» жанында)
  • «Vefa» 
  • «Азия Молл» 
  • «Бишкек Парк» 
  • «Дордой» базары.

Жол кирени «Тулпар» картасы аркылуу кантип төлөө керек?

  1. Картанын эсебин Balance.kg тиркемеси же Beeline кеңселеринде жайгашкан терминалдар аркылуу толуктаңыз.
  2. Жол кирени төлөө үчүн картаны айдоочунун жанында орнотулган валидаторго такаңыз.

«Тулпар» картасын Balance.kg тиркемеси аркылуу толуктоо үчүн:

  1.  «Тулпар» картасынын арткы бетинде басылган QR-кодду Balance.kg аркылуу сканерлеңиз.
  2. Толуктоо суммасын киргизиңиз.
  3. Төлөңүз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт