// //

Кошулганда ичине түшүрсөм деле сыртка агып калат. Эмне үчүн? Гинекологдун жообу

2020.02.24, 10:27
3177

Үйлөнгөнүмө төрт ай болду. Келинчегим экөөбүз күндө эле кошулабыз. Кошулганда ичине түшүрсөм деле сыртка агып калат. Дагы деле боюнда боло элек. Эмнеге мындай?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.02.2020, 10:31

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Медицинада жуптарга 1 жыл убакыт берилет. Эгер бир жылдык регулярдуу жыныстык катнаштан кийин деле бойго бүтпөсө, анда аялды да эркекти да текшерүүгө алып, себин аныктоого аракет кылышат. Ошондуктан сарысанаа болбой туруңуз. Силерде дагы 8 ай убакыт бар.

Ал эми сперма тууралуу айта турган болсом, албетте ал агып үшөт. Биринчиден аялдын жыныс кынынын узундугу болгону 10-12 сантиметр, анын ичинде эч нерсе токтоп туруп калбайт. Экинчиден аялдын жыныс кыны эркектин уругун бүт бойдон сиңирип калбайт. Тиешелүү өлчөмдөгү спермалар жатын көңдөйүнө өзү эле түшөт.

Эл арасында мындай миф бар. Эгер аял жыныстык катнаштан кийин бутун өйдө каратып жатса, тезирээк боюна бүтөт деген. Бул андай эмес. Эгер эки жуптун тең ден соолугу жакшы болсо, аял антпесе деле боюна бүтөт. Ал эми ден соолукта кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болсо, зыянын тийгизиши мүмкүн.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт