// //

Эмчектеги сүттү кантип азайтса болот? Маммлолог жооп берет

2020.02.24, 10:10
18558

Саламатсызбы. Эмчектин сүтүн кантип азайтса болот? Кызым 8 ай болуп калды. Сүтүм дагы деле көп.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.02.2020, 10:10

Аида Осомбаева

“Medcenter.kg медициналык клиникасынын адиси, маммолог

Саламатчылык. Эгер сүттү азайткыңыз келсе, баланы эмизип бүткөнндөн кийин эмчекти саабаңыз, толугу менен бошотпоңуз. Сиз канчалык сааган сайын, организм сүт жетишсиз болуп жатат деп, ошончолук көп сүт иштеп чыгат.

Ал эми баланы биротоло эмчектен чыгарып салгыңыз келсе, болгону эмизүүнү акырындык менен азайтыңыз. Мисалы учурда күнүнө 8-9 жолу эмизсеңиз, 6-7 жолу эмизгенге чейин азайтыңыз. Ал ортодо балага башка тамак берип, курсагын тойгузуңуз. Мисалы йогурт, пюре, каша берсеңиз болот.

Акырындык менен күнүнө 1-2 жолу эле эмизип, кийин такыр токтотуп койсоңуз болот. Ушинтип эмчектен чыгаруу абдан ыыңгайлуу. Бала дагы стресс болбойт, сиздин организмге да жакшы. Сүт акырындык менен тартылып, азая берет. Эмчегиңиз катып, дене табыңыз көтөрүлүп, дары ичип кыйналбайсыз.

Бирок, баланы колдон келишинче 1-2 жашка чыкканга чейин эмизген туура. Бул анын иммунитетинин жакшы болушуна мыкты шарт түзөт.

0
Пайдалуу жооп
Р
Ракия Улукбек кызы
30.03.2021, 11:32

Саламатсызбы  Эже  сутум  аябай  коп  уй  шартында  кантип  азайтсам  болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт