Арыктатуучу капсулалар ден соолукка зыян эмеспи? Терапевт жооп берет
Мен 17 жаштамын. Арыктатуучу капсулаларды колдоно баштадым. Суроолорум төмөндөгүдөй: Кийинки жашоомо зыяны тийбейби? Төрөй албай калбаймынбы?
Сагыныч Койбагарова
Терапевт
Ашыкча салмак көйгөйүн башка жол менен чечүү зарыл. Балким сизде метоболизм жакшы жүрбөйт, күнүмдүк тиричиликте көп кыймылдабайсыз, же майлуу, куурулган тамакты көп ичесиз.
Метоболизм же болбосо зат алмашуу – бул химиялык реакциялардын жыйындысы. Алар жандуу организмде жүрөт, өсүүгө, көбөйүүгө жана сырткы чөйрөнүн таасирлерине жооп берүүчү структураларды сактоого жардам берет.
Алгач күнүмдүк рациондон майлуу, куурулган жана таттуу азыктарды азайтканга аракет кылыңыз. Көбүрөөк суу ичип, жер жемиш жана мөмө жемиштерге басым кылыңыз. Күнүнө 15-20 мүнөт физикалык көнүгүүлөрдү аткарыңыз.
Сиз азыр өспүрүм кызсыз, 17 жашта организмде ансыз деле гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп жаткан кези.
Арыктатуучу капсулалар алгач жоон ичегинин функциясын өзгөртөт, гастрит, дуоденит холецистит сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.
Мындай дарылар борбордук нерв системасына да өз таасирин тийгизет. Алыңыз кетип, шалдырайсыз, уйку бузулат, эс тутум начарлайт.
Ошондуктан, алгач доктурга көрүнүп, толугу менен текшерүүдөн өтүп, анын уруксаты менен гана иче баштаган туура.
Ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!