// //

Кызгануу сүйүүнүн белгисиби? Психологдун жообу

2020.02.19, 14:50
3906

“Кызганат демек - сүйөт” деген фразаны укканда, мыйыгыман жылмаям – дейт психолог Эльвира Чокоева. Кызгануу менен сүйүү сезимдеринин ортосунда эч кандай байланыш жок. Кызгануу коркуу, өзүн башкалардан кем сезүү сезимдери менен эриш аркак жүрөт.

Эмне үчүн адамдар кызганат?

  • Өзүнө ишенбеген, толгон-токой комплекстери бар адам кызганат. Ал конкуренцияны көтөрө албайт. Атаандашы андан сулуураак, күчтүрөөк, байыраак, акылдураак болуп калышынан коркот.
  • Ата-энеси бала кезинен эч кимге ишенбеш керек деп үйрөткөн. Айрым ата-энелер кыздарына (кээде уулдарына) эч кимге ишенбегиле, баары-бир алдап кетет, деп үйрөтүшөт. “Эркектерге ишенип болбойт”, “Эркегиң каалаган күнү басып кетет”, “Азыркы кыздар таштап кетет” – деген сөздөрдү айта берип, кулагына куюп коюшат. Бала чоңойгондон кийин, бул сөздөр ар дайым эсинде болуп, жакшы адамга туш болсо деле, андан күмөн санап, кызганып, ортодогу мамилени талкалайт.
  • Бала кезиндеги атаандашуу чоңойгондо да кала берет. Көп балалуу үй-бүлөдө өскөн балдардын ортосунда, ата-энесинин көңүлү үчүн атаандаштык болот. Убакыттын өтүшү менен атаандаштык жоюлат, унутулат, бирок кызгануу, өзүн алып жүрүү адаты ошо бойдон калып калат.
  • Бир жолу катуу жактырган кишиси же сүйгөнү таштап кеткендер. Булар бүтүндөй дүйнөгө таарынып, эч кимге ишенбей калышат.

Кызгануу бул сүйүү эмес. Бул эгоизм, бардыгын өзүнүн менчиги катары кабыл алуу, өзүнө болгон ишенимдин төмөндүгү, агрессия. Бул сезимдер эң таза, чыныгы махабатты да жокко чыгарат.

Сүйүү – бул биринчи кезекте ишенүү, өнөктөшүнүн кызыгууларын кабыл алуу, адамдын жеке аймакка болгон акысын сыйлоо.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт