// //

Апамды токмоктогон, арак ичкен атаны да сыйлоого милдеттүүмүнбү?

2020.02.18, 16:29
7048

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында атасына болгон таарынчы тууралуу баяндалат.

Эмне үчүн динибиз жалаң улууларды сыйлап, урматтоону талап кылат? Бирок ата-энелер да балдарын ызаттап, алардын руханий абалын эске алууга тийиш болсо керек, э?

Атамды жек көрөм

Себеби ал мени негизсиз күнөөлөй берет. Ойго келбеген нерселерди айтып, намысыма шек келтирет. Ар ким менен жүрөсүң, оң эмессиң (бул жерде кайсы сөз айтылганын жазбаса деле түшүнсөңөр керек) деп урушат. А менин жада калса жигитим болгон эмес. Ал тургай, классташ кыздарым менен араң сүйлөшөм.

Көпчүлүгү мени “жапайысың, ар дайым элден бөлүнүп турасың”,- деп айтышат.

Атам мени, апамды, кичинекей инилеримди сабаганга түрдүү шылтоолорду тапканга маш. Мисалы кечки тамак бир аз кечиксе эле, бизди токмоктоп жатып калат.

Атам мага тескери батасын тынбай берет

Акыркы жолу апамды сабаганда аркы дүйнөгө барып эле кайра келди. Ооруканага араң жеттик. Атам менен катуу урушуп кеттим. Оорукананын жанында милиция кызматкерлери бар экен. Аларга кайрылып, болгон ишти айтып, атамды бизге жакын жолотпоосун сурангам.

Эртеси үйгө келип алып, “сенден кечтим, өмүр бою бактысыз бол” деп каргады. Андан кийин деле баскан-турган сайын тескери батасын берет. Ушул сөздөрүнүн кесири тиеби деп да ойлоном, корком.

Апамдын акыл үйрөткөнүн кабыл ала албайм

Апам, кичинекей инилерим атамдан коркушат. Анын ачуу сөздөрүнө, корс мүнөзүнө карабастан мурдагыдай мамиле кылышат. А мен анте албадым.

Апам, атаңды кечир, андан кечирим сура, дей берет. “Кантсе да атаң да, аны менен жакшы мамиледе болушуң керек”, - дейт. Ушул туурабы? Мен кайсы кылган кылмышым үчүн атаман кечирим сурашым керек? Менде эмне күнөө бар, атамдын алдында?

Туура жол көрсөтүңүзчү, суранам?

Адистер эмне дейт

Кадыр Маликов, теолог

Ооба, чынында эле бардык негизги диндерде ата-энени сыйлоо башкы талаптардын бири. Ата-энеңер динге ишенбеген адам болсо дагы аларды сыйлоо парз.

Албетте, ата-энелер ар кандай болушат. Кээде аларды урматтап, жакшы мамиле кылуу өтө оор.  

Мен сизди сабырдуу болууга чакырам. Ата-энеңизден бөлүнүп жашоого мүмкүнчүлүгүңүз болсо, өзүнчө эле жашаганыңыз оң.

Сабырдуу болуңуз. Атаңыздын зөөкүрлүгүнө зөөкүрлүк менен жооп кайтаруу болобойт. Эч качан ага орой мамиле кылбаңыз, кол көтөрбөңүз. Атаңыз карыганда баары-бир ага мээримдүү мамиле кылыңыз. Аллах кечиримдүүлөрдү жакшы көрөт.

Ар бир адамдын жашоосунда өзүнө тиешелүү сыноосу болот. Сиз үчүн атаңыз чоң сыноо экен.

Ал эми ата-энелер билимсиздигинен, түркөйлүгүнөн же мас абалында болуп, жөн жерден каргаса, алардын дубасы кабыл алынбайт. Ошондуктан коркпой эле коюңуз.

Мария Самсонова, психолог

Биз светтик мамлекетте жашайбыз!

Бир дагы дин кылмыш ишин жаап-жашырууга акысы жок! Аялын, балдарын уруп, кемсинтип, жашоосун талкалап жаткан зөөкүрлөрдү актоого мүмкүн эмес!

Зомбулуктун курмандыктарынан аларды ур-токмокко алган адамга баш ийүүнү жана сый мамиле кылууну бир дагы дин талап кыла албайт!

Жакындарына, аялына жана балдарына карата зордук-зомбулук кылган киши мыйзам чегинде жоопко тартылууга тийиш.

Милицияга кайрылып туура кылдыңыз. Жардам сурагандан, сизди жана жакындарыңызга кол көтөргөн кишиге каршылык көрсөтүүдөн коркпоңуз. Укук коргоо органдары силерди коргоого милдеттүү.

Мындай ата менен бир жашоого макул эмес болгонуңузда эч кандай айып жок. Сиз абдан күчтүү, чечкиндүү кыз экенсиз.

Атаңыз сизден улуу болгону үчүн эле өзүңүздү күнөөлүү сезбеңиз. Ар дайым өзүңүздү коргоодон тайманбаңыз. Мындайда ачуулануу сезими да мыйзам ченемдүү көрүнүш, ал адилетсиздик менен күрөшүүгө жардам берет.

Кылмышкерлерди кечирүү, демек кылмыштын улануусуна шарт түзүү. Демек, өмүр бою зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп өтүүгө моюн сунуп жашоо.

Эч качан, эч бир шартта мындай позицияга макул болбоңуз. Ар дайым өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды, коопсуздугуңузду коргоп, бакубат жашоо үчүн күрөшүңүз.

Сиз бардыгын туура кылып жатасыз.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт