Сиңдимди төрөбөйсүң деп кордошкон
Сиңдим күйөөсү менен ажырашып сотко бергенбиз. Бир топ жыл бирге жашашты, ортодо бир кызы бар. Сиңдим кетип жатканда кийимдерин алып калыптыр. Көп жыл бирге жашаса да, колуна бир тыйын карматпай, төрөбөйсүң деп басынтып, кордоп келишкен.
Күйөө бала жакшы жерде иштейт. Ата-энеси менен турса дагы өзүнүн атында мал жаны бар.
Учурда сиңдим ата-энемдикинде жашап жатат. Сотко кайрылсак, "алимент төлөбөйм, өз каалоом менен жардам берем", деген, бирок бир дагы жолу басып келген жок.
Атат-энеси үйгө чейин келип, "сен кызды бага албайсың, сотко бербегиле, кызды өзүбүз алабыз", деп чаң салып кетти.
Сиңдиме бут тосуп, аны бир байкуш катары көрүп жатышат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Сиңдиңиз өзү жашаган аймактык сотко алимент өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрылуусу керек. Алар ар кандай сөздү айта берет.
Сиңдиңиз кызды карап жаткан болсо, соттук тартипте алимент өндүрсүн. Эгерде алимент төлөбөсө анда аталык укугунан ажыратып салса болот.
Алардын аткан сөздөрүнө макул болуп, коркуп олтура берсеңиз, кааласа алимент төлөп, каалабаса төлөбөй жүрө берет. Бул маселе сот тартибинде гана чечилет, коркпостон сотко кайрыла бериңиз.
Ийгилик!