Күйөөм кыз жандуу, аны көргөн сайын жиним келет. Эмне кылышты билбей турам
Саламатсызбы. Мен көйгөйүмдү жазууну туура көрдүм. Жолдошум экөөбүз баш кошуп жашап келатканыбызга 15 жыл болду, 3 балабыз бар. Мени ойлондурган маселе - күйөөм кыз жандуу.
Жүрбөгөн кыз-келиндер калган жок. Канчасы менен кармап, канча нервим кетти. Жашы өтсө токтолобу десем, анте турган түрү жок.
Ушунча жыл чыдап, балдарым, үй-жайым деп жашап келдим. Мен кетип калсам эмне болот деген ой менен жүрдүм. Өзүм тыкан, оокатка тың аялмын.
Күндөн-күнгө ага болгон жек көрүүм көбөйүп келатат. Балдарым да чоңоюп калышты. Эмне кылышты билбей турам. Эмнеге мындай болуп жатат? Мага кеп кеңешиңерди берип койгулачы?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Бул абалдан кантип чыгышты өзүңүз деле түшүнүп турасыз, өзүңүз деле билесиз. Бирок, бул никеден, жана ушундай жашоодон көргөн пайдаңыз да бар. Ошондуктан ушунча жылдан бери бир нерсени өзгөртүүгө умтулган жоксуз. Эмнегедир, турмуштун ушундай нукта жүрө-бериши сиз үчүн ыңгайлуу болгон.
Балким, күйөөсү бар деген статус? Бул биздин коомдо кандайдыр бир коргонууну, коопсуздукту камсыздагансыйт. Балким, балдарыңыздын толук кандуу үй-бүлөдө чоңоюшу сиз үчүн башкы максат болду? А балким финансылык жактан күйөөңүздөн көз карандысыз. Ошондуктан басып кетип ала алган жоксуз.
Сиз ушунун баардыгын тандадыңыз. Демек бул факторлор сиз үчүн жеке комфорттон, жеке бактылуулуктан да жогору турат. Бирок, күйөөңүздүн кылык-жоруктары жакпайт.
Ар бир адам өзгөргүсү келгенде жана мындай чечимге өзу келгенде гана өзгөрө алат. Тилекке каршы эч ким, эч кимдин жашоосуна кийлигишип, ага таасир эте албайт. Бул анын жеке тандоосу. Сиздин жашооңуз да сиздин тандооңуз.
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.