// //

Атам “күйөөгө тийсең эле жашоо бүтүп калбайт, окуйсуң!” деп урушту

2020.02.05, 15:52
5662

Үч бир тууганбыз. Иним жана сиңдим бар. Күтүлбөгөн жерден апабызды жоготуп алдык. Чоң энем атама экинчи ирет үйлөнүү сунушун киргизди, “Балдарымды бирөөгө кор кылгым келбейт!” - деп баш тартып койду. Ошентип биз үчүн апасыз, атам үчүн жубайсыз жашоо башталды.

Үйдүн уулусу катары жумуштардын көбү менин мойнумда. Мектептен келип тамак жасайм, үй жыйнам. Саат бештерде бала бакчага барып сиңдим менен инимди алып келем. Анан атам жумуштан келет.  Босогону аттаары менен “бар сабагыңды оку, калганын мен кылам” деп бөлмөмө кууйт. Ошентип турмуш улана берди.

Бир күнү  көп жумуш кылып аябай чарчадым. Кеч. Атам экөөбүз чай ичип отурабыз.

- Сабактарың жакшыбы?

- Ооба, жакында экзамендер башталат.

- Даярдандыңбы?

- Анча деле эмес.

- Эмнеге? Окууга өтпөй калсаң кантесиң?

- Чоң энем жакшы күйөө таап берем деди.

Атам тарс эттире чынысын столго койду. Мультфильм көрүп отурган эки кичинекей чочуп кетишти. Мен тостоюп калдым.

“Күйөөгө тийсең эле жашоо бүтүп калбайт! Турмуш кургандардын баары эле жыргап жатышабы? Ажырашкандар толтура. Баштары бош, бараарга жери, кылаарга иши жок, көчөдө жүрүшөт. Кызым билим керек. Окуйсуң! Сени казан-аяк жуусун деп эмес, дүйнө көрсүн деп өстүрүп жатам. Билим алсаң эл-жер көрөсүң, эң башкысы сыйлуу болосуң”, - деди да туруп кетти.

Ар дайым атам ачууланганда сыртка чыгып кетет. Бир-эки саат көчө аралап демин басып келет.

Туура эмес сүйлөп алганымды түшүндүм. Идиштерди жыйнап коюп экзаменге даярдана баштадым.

“Кыздын бараар жери күйөө”, “Окуп эмне кыласың, андан көрө күйөөгө тий”,  “Аял деген үйдө отуруш керек” ж.б. Чоңойгон сайын бул “дежурный” сөздөрдү көп укчу болдум. Бирок, китептен башымды алган жокмун. Экзамендеримди бешке тапшырып, чет өлкөдөгү бир университетке өттүм. Алгач бул кабарды укканда ишенбедим. Өзүмө келгенден кийин, билим менен көп нерсеге жетсе болоорун түшүндүм.

Акыркы коңгуроо. Аттестатымды алып түшүп келатып атамды карадым. Көз жашымды акырын сүрттүм, атам мага кол булгалады. Көздөрү мени менен сыймыктанып жатканын айтып турду.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт