// //

Германияда окуган студент: визаны узартууга 15 эле мүнөтүм кеткен

2020.01.24, 17:05
2008

Менин атым Жаннат, мен Германиянын Гайзенхайм шаарчасында шарап өндүрүү тармагында билим алып жатам.

Бул жака кантип келип калдым

Мен 24 жаштамын. Бишкектен Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Андан кийин Logos тил борборунда TOEFL мугалими болуп иштедим.

Германияга студент кезимде эле эки жолу келип кеткем. Мага бул мамлекеттин тазалыгы, эли, элинин тактыгы абдан жагат. Бул өлкөгө келип билим алып жатканымдын себеби, жогорку билим – акысыз. Мен окуган Hochschule Geisenheim University Франкфурт-на-Майне шаарынан алыс эмес жайгашкан, Гайзенхайм шаарчасында. Жылына болгону 300 евро төлөйм. Бул акча биздин окуубузга байланыштуу Германия Федерациясынын ичинен жол жүрүүгө сарпталат.

Кесибим - шарап өндүрүүчү

Менин болочок кесибим – International Wine Business, шарап өндүрүүчү, орусчасы “винодел”. Чынында мен алкоголго башынан эле көп кызыкчу эмесмин. Бирок, ар дайым кызыктуу кесипти аркалап, иштегим келчү. Ойлонуп көрсөм, байыркы замандан бери эле көп мамлекеттердин эли шарап ичип келишкен. Батыш өлкөлөрүндө шарап өндүрүү, аны туура сактоо, шарапты ичүү маданияты абдан өнүккөн. Ошондуктан жумушсуз калам деп, кайгырбайм.

Германияга кетүүгө документ чогултуу

Программа тууралуу Daad.kg сайтынан окуп калып, дароо документтеримди тапшыргам. Консультация алуу үчүн кеңсесине да барып келгем. Бардыгын жөнөкөй жана түшүнүктүү айтып беришкен.

Бул сайт аркылуу каалаган университетиңди тандасаң болот. Мен тандаган университеттин талаптары жөнөкөй болгондуктан, көп деле кыйынчылыктар жаралган жок.

Төмөнкү документтерди жөнөткөм:

  • TOEFL
  • мектепти бүтургөндүгү тууралуу аттестат
  • диплом
  • англис жана немец тилин окугандыгым тууралуу сертификаттар
  • волонтер болуп эмгектенгендигим тууралуу каттар.

Булардын бардыгын чогултуп, англис тилине котортуп, андан кийин нотариустан күбөлөндүргөм.

Дагы бир Uniassist деген портал бар. Ал аркылуу студенттер Германия университеттерине документтерин тапшырса болот. Алгач каттоодон өтүп, андан кийин аккаунт ачуу керек. Тандаган университетиңиздин талаптарына ылайык документтерди чогултуп электрондук версиясын жөнөтөсүз. Биринчи университетке 30 евро акы алынса, кийинкилерине 15 евродон төлөнөт.

Мен тандаган университетке электрондук версиядан тышкары документтердин оригиналын да жөнөтүш керек болчу. DHL компаниясынын кызматынан колдондум. Бир А4 барагы үчүн 1500-2000 сом төлөнөт. Эки жыл мурунку баалары ушундай болчу.

Германия элчилиги

Жөнөткөн документтерим 1,5 айдын ичинде каралып, мага жооп келмек. Ал ортодо Германия элчилигине интервьюга жазылып койдум. Элчиликке киргенде жогоруда атаган документтерден тышкары, камсыздандыруу келишими, жана Германияда жашай турган батир менен түзгөн келишимин кошо ала киришиң керек.

Башында Германияда билим алуу акысыз деп айтпадымбы, бул жерде бир нюансты эске алуу керек. Германияга окууга өткөндөн кийин Немец банкында 10 000 евро акчам бар деген малымкатты көрсөтүшүң керек. Ал акча блокко салынып, кайра чыгарып алууга мүмкүнчүлүгүң болбойт. Банк бир жылдын ичинде, ай сайын 800 евродон берип турат. Мындай нерсе сен чындап эле окууга (иштеп акча табууга эмес) кетип баратканыңды далилдөө үчүн жасалган.

Германия элчилигинин бир чоң кемчилиги, Америка элчилигине окшоп, интервьюдан кийин жообу дароо берилбейт. Биз сиз менен байланышабыз деп айтышат. Анан алардын телефон чалуусун күтүүгө аргасыз болосуң. Мен 1,5 ай күткөм.

Интервью учурунда катардагы эле суроолор берилет: Эмне үчүн Германияга барууну чечтиңиз? Кандай максат менен бара жатасыз? Окууну бүтүргөндөн кийин эмне кыласыз?

Кыргызстандан 3 айга виза ачып беришет. Германияга баргандан кийин, виза бүткөнүнө 1 ай калганда, чет элдиктердин иши боюнча ведомствого кайрылып, 15 мүнөттүн ичинде узартып алса болот.

Германия, алгачкы айлар

Башында Кыргызстанды аябай сагынып жүрдүм. Бул жакта Кыргызстандан келген башка балдар, кыздар менен таанышып, бири-бирибиз менен байланышып, жардам беришип калгандан кийин, алаксый түштүм.

Университетте окуу абдан оор. Мен англис тилин Кыргызстанда эле мыкты өздөштүргөм, ошого карабастан башында айрым сөздөрдү түшүнбөй кыйналдым. Маркетинг жана экономика сабактарынан эптесем да, химия менен математика мен үчүн чоң сыноо болду.

Германиянын калкы абдан жөнөкөй жана сылык. Мени менен программада Армения, Грузия, Украина, Россиядан келген студенттер бир окушат. Баарыбыз ынтымактуубуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт