// //

Жыныстык катнаш учурунда жел чыга берет, эмнеге? Сексолог жооп берет

2020.01.24, 13:19
10321

Саламатсызбы. Менин кызым бар, азыр экинчим менен кош бойлуумун. Биринчи төрөтүмдө “разрыв” болгон эмесмин. Буюрса бардыгы жакшы. Болгону, күйөөм менен кошулган учурда жыныстык жагыман жел чыгат. Жолдошумдун алдында аябай ыңгайсыз боло берем. Бул нормабы?

Экинчи суроом, кошулганда кынымды кысып турам. Себеби төрөгөндөн кийин чоюлуп кеттиби, деп кыжалаатмын. Бул ден соолукка зыян эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2020, 13:19

Наталья Ивахник

Сексолог, психотерапевт

Саламатчылык. Бул патология эмес. Мындай көрүнүш көп эле жуптарда кездешет. Жыныс кынынын булчуңдары бош болгондо, шашылыш жыныстык катнаш учурунда, жана айрым позаларда кынга жел кирип, кошулуп жатканда тиешелүү добуштар чыгышы мүмкүн.

Ыңгайсыздануунун зарылчылыгы жок. Бул тууралуу жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, айрым аялдарда төрөттөн кийин ушундай боло турганын айтып бериңиз.

Экинчи суроонуз боюнча. Ооба, секс учурунда жыныс кынынын булчуңдарын кысып турса болот. Бирок аны кайра бош кое берүүнү үйрөнүү да өтө маанилүү. Дем алганда ичиңиз менен дем алыңыз.

Жөн турган учуруда деле интимдик гимнастика менен машыгууну сунуштайм. Бирок аны да төрөттөн кийин жасап баштоо зарыл. Антпесеңиз жатыныңыз тонуска түшүп калышы мүмкүн.

Эң жөнөкөй көнүгүүлөр:

  1. Жыныс кынынын булчуңдарын кысып 10го чейин санайсыз, кайра бош кое бериңиз 10го чейин санайсыз. Бир нече жолу кайталаңыз. Булчуңдарды бош кое бергенге көбүрөөк көңүл буруңуз.
  2. Жыныс кынынын булчуңдарын 90% кысасыз, андан кийин жай 100%га чейин жеткиресиз. Муну 7 жолу кайталаңыз. Ичиңиз менен дем алууну унутпаңыз. Бул көнүгүүнү секс учурунда да жасаса болот.
  3. Шартыныз болсо вагиналдык тренажер сатып алууну сунуштайм. Бирок аны кош бойлуу келиндерге колдонууга болбойт, жогоруда айткандай төрөттөн кийин гана.
  4. Акыркысы, Кегель көнугүүлөрү (бул да төрөттөн кийин).

 

Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Кегель көнүгүүлөрү жөнүндө бул жактан окусаңыз болот:

Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнүгүүсү

Кегель көнүгүүлөр 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнугүү

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт