Айылда жашагандар ажырашуу арызын шаардык сотко жазса болобу?
2020.01.24, 12:40
1784
Саламатсызбы! Ажырашуу жөнүндө арыз кандай жазылат? Айылда жашайт элек, азыр шаарда турабыз. Арызды шаардык сотко жазса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.01.2020, 12:41
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Ажырашуу арыз үлгүсүн бул жерден таба аласыз. Эгер арыз жаза турган адамдын колунда жашы жете элек баласы бар болсо же ден соолугуна байланыштуу жоопкер жашаган аймакка бара албаса шаардагы жашаган жери боюнча сотко кайрылса болот. Болбосо, көп учурда арыз жоопкер жашаган жерге берилет.
0
Пайдалуу жооп