Гонореядан дарыланса болобу? Бир курс дарылануу канча турат?
Саламатсызбы. Мен гонорея жугузуп алдым окшойт. Бул оорудан айыкса болобу? Бир курс дарылануу канча сом болот?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Саламатчылык. Сиз гонорея оорусуна туш болгонуңузду кантип билдиңиз? Анализ тапшырдыңызбы же өзүңуз эле божомолдоп жатасызбы?
Ооба, гонореядан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн. Ал үчун доктурдун рекомендацияларын так сактап, бардык шарттарды аткаруу зарыл. Канчалык эрте дарыланып баштасаңыз ошончолук жакшы. Ал эми ооруңуз өнөкөт формага өтүп кетсе, дарылануу процесси узагыраак болот.
Бир курс дарылануунун баасы колдонулган препараттардан көз каранды. Орто эсеп менен 5-6 миң сом керектелет.
Ден соолугуңузга жоопкерчиликутүү болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.