// //

Тишимди жуусам эле канай берет, эмнеге? Стоматолог жооп берет

2020.01.23, 11:06
1962

Саламатсызбы. Мен тишимди жууган сайын канай берет. Андан тышкары оозум жыттанат. Себеби эмнеде болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.01.2020, 11:06

Нуржамал Канатбековна

Matis Dent клиникасынын адиси, стоматолог

Саламатчылык. Тиштин бүлөсү сезгенип калган учурда улам-улам канай берет. Анын негизги себептери төмөнкүлөр:

  • организмде витаминдердин жетишсиз;
  • зат алмашуу процессинин бузулган;
  • кан айлануу процессинин бузулган;
  • туура эмес тамактанган;
  • ооз көңдөйүнүн гигиенасын тиешелүү деңгээлде сакталган эмес, ж.б.

Бүлөлөр улам канаган сайын оозду чайкап, түкүрүп салабыз. Бирок, кандын бир аз бөлүгү тиш менен бүлөнүн ортосунда калат, ал биз ичкен тамак аштын калдыктары менен аралашып, бир нече саатта ачып-кычып, жагымсыз жытты пайда кылат.

Ошондой эле, ооздон чыккан жыттын башка да себептери болушу мүмкүн. Маселен, ашказан оорулары да ушундай жыйынтыкка алып келет. Эмнеси болсо да, терапевтке андан кийин тиш доктурга кайрылып көрүңүз.

Тишти күнүнө эки маал: эртең менен жана кечинде тазалап турууну унутпаңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Нуржамал Канатбекова менен инстаграмдагы @matis_dent баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт