Жолдошум бала меники эмес деп ДНК экспертизаны да танып жатат
Жолдошум менен Москвага кетип, ал жактан мечитке барып нике кыйдырып эле, жарандык никеде жашадык. Боюма бүтүп калганда “сен Кыргызстанга кете бер, мен артыңан барам” дегенинен келе бергем.
Кийин ал бул жака келип, мага жолукпастан башка кызга үйлөнүп, кайра кетип калыптыр. Бала меники эмес, деп танып, такыр келбей койду. ДНК экспертиза жасатып, кызым 99, 99 пайыз аныкы деп чыкты.
Эми ал бул жыйынтыкка нааразы болуп, экспертизаны жасатып алган - деп мени сотко беришиптир.
Сот аны баланын атасы деген чечим чыгарса да, алимент төлөбөй коюшу мүмкүнбү? Мен жалгыз бой болгон үчүн үнүм эч жака жетпей жатабы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Менин түшүнгөнүмө караганда, азыр сиздин доо арыз боюнча иш облустук сотто каралат. Андыктан алар тарабынан келтирилген апеляциялык даттанууга каршы пикир киргизип, ага өзүңүздүн жүйөөлөлөрүңүздү келтирип, соттун чечимин күчүндө калуусун талап кылыңыз. Аракет кылып, позицияңызды бекем карманыңыз.
Ийгилик каалайм!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.