// //

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

2020.01.21, 18:00
40909

“Баратам” ,-деп айтканынан бир күн өтпөй эшик тыкылдады. Ачсам бышылдап-күшүлдөп кайын энем турат.

Келин болуп келгениме төрт жылдан өттү. Бизде баары сонун десем калп айткан болом. Кадимки үй-бүлөлөрдөй эле, кез-кезде казан-аяктар кагышып, түшүнбөстүктөр болуп турат. Эми бул жашоо да, туурабы?

Кайын энем айылда турат. Башында чогуу жашачубуз. Кийин күйөөмдүн жумушуна байланыштуу шаарга көчүп келдик. Эки кичинекей балабыз бар. Удаа төрөгөм. Учурда аларды карап үйдөмүн.

Жаңы-жылдан кийин ооруп калдым. Ордуман туруп дааратканага барганга шайым жок. Тез жардам чакыртык. Катуу суук тийгенин, бейтапканага жатышым керек экенин айтышты. Үйдөн эле дарыланам деп макул болбой койдум. Ошол эле күнү кечинде кайын энем чалып келатканын айтты, абалымды күйөөмөн уккан экен.

“Эки бала менен кантип дарыланмак элең, ушулар сени жөн жаткыра коет беле, дароо айтсаң келе калат элем го”,- деп урушту. “Апа, неме” дегенден башка сөз айта алган жокмун. Кур келбей кыям, эт, сары май, сүзмө көтөрүп алыптыр.

Үйдү аластап чыкты. Жылуулап төшөк салып берип жаткызды. Күйөөм менен балдарыма бөлмөмө кирүүгө тыюу салды. Медайымды күтпөй дарыгер жазып берген уколдорду өзү сайып баштады. Кайнатма жасап, табитим жок десем болбой кыстап ичирди. Тердеген кийимдеримди которуп, жууп, сыртка илип койду. Түнкүсүн онтолсом шарт тура калып, суу ичирип, үстүмдү жаап коюп жатты.

Отуруп-туруп, “ушул ооруңду күчөтпөй жаңы  башталганда дароо дарылансаң, мынчалык кыйналбайт элең. Ай, балам, ай. Жумуш кургур бүтпөйт. Суукта иш кылып жүрө бердиң да!” – деп кейийт.

Менден тышкары, эки баламды карап, курсагын тойгузганды унутпады. Эң кызыгы, баскан-турган сайын күйөөмдү урушат: “Акча деп жүрө бербей, аялыңа көңүл бурганды качан үйрөнөсүң! Мотурайган эки бала төрөп берди, ден соолугу кетти! Жакшылап карабайсыңбы! Эмне баары Гүкүшкө эле керекпи?"

Ооруганга чейин кайын энемдин кандай экенин билбепмин. Бат эле сакайып кеттим. Адам үчүн көңүл, жакшы мамиле, кам көрүү канчалык маанилүү экенин түшүндүм. Кетиргим келбей "дагы бир аз жүро туруңузчу" деп суранып жаттым. "Кой, атаңарга барайын, мен жок эмне оокат кылып жүрдү экен".

- “Апа! рахмат сизге. Ыраазмын, апа!”

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт