Күйөөм экөөбүз жаткан бөлмөгө баары уруксаты жок кире беришет
Турмушка чыккам. Кайын ата, кайын энемдер менен бир турабыз. Алар биз жаткан үйгө арак коюп коюшат экен. Кайын агам түндө деле кирип, ар кайсы жакты чукулап, издеп жүрө берет.
Кайын энемдер кирип телевизор көрүп, чай ичип отуруп алышат.
Кайын сиңдилерим болсо, көзүнө жакшы көрүнгөн нерселерди, алып алышат, же менин кийимдеримди кийип кетишет. Акчаны таап алышса да сурабай эле чөнтөгүнө салып алышат.
Күйөөмө айтсам, ата-энемди, бир-туугандарымды жамандайсың, деп мени урушту. Эмне кылышым керек?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Башка адамдар сиздин жеке аймагыңызга кирип жатышат, анткени сиз аларга уруксат берип койгонсуз. Сизге мындай нерсе жакпай турганын ачык жана дароо айтуу керек. Алардын ою боюнча, сиз унчуккан жоксуз, демек, баары жайында. Демек, сиз ситуациянын мындай болушуна макулсуз.
Тилекке каршы, жолдошуңуз да сизди коргбоптур. Ага дагы бир ирет айтып көрүңүз. Бирок, бир туугандарын күнөөлөбөстөн, башка адамдар сиздин буюмдарыңыздын алганын, кийимдериңизди кийгенин жактырбай турганыңызды билдириңиз.
Эгер андан эч майнап чыкпаса, анда өзүңүз эле айтыңыз. Жаман көрүнүп калам, деп коркуштун зарылчылыгы жок. Сиз жеке кызыкчылыктарыңызды коргоп жатасыз.
Чечимди өзүңүз кабыл аласыз: же мындан ары деле чыдап жүрө бересиз, же ачыгын айтып, эмитеден “болот жана болбойт” деген нерселерди алдын ала сүйлөшүп аласыз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.