// //

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

2020.01.20, 16:38
24440

Күйөөм каза болуп калган. Төрт баламды жалгыз чоңойттум. Базарда тамак сатып иштейт элем. Соода кылам десем, көпчүлүк акчаны күрөп табат деп ойлошчу. Эхх, ошондой болсо кана! Кээде бир тыйын таба албай, үйгө жөө келчүмүн.

Жакында пенсияга чыктым. Жайы-кышы дебей сооданын аркасынан жүрүп ден соолугумду жоготтум. Үч айдан бери үйдө отурам. Кудайга шүгүр, эки балам окуусун бүтүп жумушка киришти. “Апа, болду эми, сиз эс алыңыз” дешкенде абдан ыраазы болдум.

Катардагы карапайым эле үй-бүлөбүз. Тогуз жыл мурун орус кемпирдин эски тамын сатып алганбыз. Полу ным тартат, колуңду тийгизсең эле дубалдары көчүп түшөт. Буйруса балдарым жаңы там салабыз деп акча чогултуп жүрүшөт. Ага чейин, үстүбүздө үйүбүз бар экенине тобо кылып жашап келебиз.

Жаныбызда бир эже бар. Атын айтпай эле коеюн. Убагында бизден жаман турушчу. Кийин тамын ремонт кылып, ар бирөө бирден машина айдап калды. Азыр киши тааныбайт. Жамандык-жакшылыкта жолугуп калсак жаңы алган буюмдарын айтып мактана берет. Жакында үйүнүн алдына камера коюшту. Анысы менен мени аңдыйт.

Үйүбүздө ремонт жок дебедимби. Суукка карабай бети-колубузду сыртка жууйбуз. Күн сайын эртең менен тиш щетка менен кумган көтөрүп чыгабыз. Муну кошуна эже камерасынан көрүп калыптыр. Эртеси дубалдан башын чыгарып, “ай, кышында дагы эшикке жуунасыңарбы, үйүңөргө жеткиче бетиңер тоңуп сүйлөй албай каласыңар го, эмне үйүңөрдө раковина жокпу” деп каткырып күлдү. Жооп бербедим. Бир нерселерди сүйлөп кетип калды.

Бир сындырым нанга жетпей, менин үйүмдөн чай ичип жүргөн күндөрүн айтып, өткөндү эстетип койгум келди. Теңилгим келген жок. Адам башына келген дөөлөттү көтөрө албай калат деген ушу тура. Болгону шылдыңдап каткырып күлгөнүнө абай ыза болдум. Ошону менен токтоп калса бир жөн, кошуналардын ватсап группасына жазып коюптур. Бирок, бирөө да жооп берген жок.

Балдарым эми чоңоюп бутуна тура баштады. Төртөө тең эмгекчил. Тырышып окуп, иштеп жүргөндөрүн көрүп, жакшылык күндөр алыс эмес экенине ишенем. Баса, кечээ туулган күнүм болгон. Балдарым чогулуп санаторийге жолдомо белек кылышты. Эртең жолго чыгам.  

Тиги эженин үйүнөн дагы ачуу кыйкырыктар угулуп жатат. Балдары тилин алышпайт. Күн сайын аларды каргап-шилейт. Мени шылдыңдаганын унутуп, байкуш эжеге боорум ооруйт. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

"Калың бербейт экенсиң" деп кызымдын жигитин кууп чыкканыма өкүндүм

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт