// //

«Эсепке акча которуу» кызматы аркылуу акча которуп жакыныңызды кубантыңыз

2020.01.20, 14:51
3407

Жакыныңыз үйдөн чыкпай туруп которулган акчаны алышын кааласаңыз, анда алардын банк же карт эсебине дароо акча которуңуз. 

2019-жылдын ноябрь айынан баштап «Айыл Банк» ААКсы Кыргызстандын бардык жарандарына дүйнөлүк төлөм кызмат көрсөтүү рыногунун лидерлеринин бири болгон Western Union  менен биргеликте «Эсепке акча которуу» жаңы кызмат көрсөтүүнү сунуштап келет.

«Эсепке акча которуу»  - бул, жеке адамдын акча каражатын башка бир жеке адамдын банк эсебине которуунун ыңгайлуу жолу. Учурда, дүйнөнүн 81 өлкөсүндө алуучунун банк эсебине которууну ишке ашыруу мүмкүн жана мунун катары күн санап өсүүдө. 

Акча которуу же которулган акчаны алуу үчүн бүткүл Кыргызстан боюнча 180 кеңесеси бар "Айыл Банктын" жакынкы бөлүмүнө кайрылуу жетиштүү. 

«Эсепке акча которуу» акча которууларын кантип жөнөтсө болот?

Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документ болушу керек жана банк кызматкерине алуучунун төмөнкү банктык реквизиттерин көрсөтүүңүз зарыл:

  • Алуучу-банктын аталышы;
  • Банк коду БИК (BIC);
  • Алуучунун эсебинин номери (IBAN);
  • Алуучунун аты-жөнү.

«Эсепке акча которуу» кызматынын тарифи

Бул кызматтын тарифи - акча жөнөтө турган алуучу кайсы өлкөдө жашаганына карбастан 15 АКШ долларын түзөт.

Мындай акча которуулар кимдерге ыңгайлуу?

Белгилүү бир өлчөмдөгү акча каражатын чет өлкөгө жөнөтүп, эгерде ири суммадагы акча которулган болсо, ал акчанын сакталыш коопсуздугуна тынчсыздангысы келбегендер, балдары чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында окуп жаткан ата-энелер же тескерисинче башка шаарда жашап жаткан ата-энелер, эмгек өргүүдө жүргөн учурда оор жагдайга дуушар болгон дос же тууганга жардам бергиси келгендер үчүн ыңгайлуу.

«Эсепке акча которуу» кызматынын артыкчылыктары

Коопсуз: накталай төлөп бергенге караганда, олуттуу суммадагы акчаны которууда, алуучу которулган акча каражатынын сакталышы үчүн тынчсызданбайт.

Ыңгайлуу: акча түздөн-түз алуучунун банк же карта эсебине которулат. 

Ылдам: эреже катары, которуулар көпчүлүк өлкөлөрдө 1-2 күндүн ичинде же  ошол эле күнү, кээ бир учурларда, дээрлик ошол замат келип түшөт.

Ошентип, акча которууларды кабыл алган адам жөнөтүлгөн акчаны алуу үчүн банкка барбайт, кезекке туруп убара болбойт, акча каражаттарын каалаган банкоматтан накталай алмаштыра алат.

«Эсепке акча которуу» кызматын колдонуу үчүн болгону бир эле жолу "Айыл Банктын" жакынкы кеңселерине кайрылып, банк же карта эсебин ачуу керек. Ыңгайлуу, коопсуз, тез, арзан жана кезекте туруунун кереги жок!

Кененирээк маалыматты www.ab.kg сайтынан же бул телефон номерлерден алууга болот: 0312 68 00 00, 0556 68 00 00.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт