// //

Дүйнөдөгү кызыктуу жана өзгөчө оюндар

2018.02.07, 16:46
7299

Спорттун түрү болгон футбол, баскетбол, волейбол жөнүндө сурасаң баары билет же ойноп көргөн болот. Анткени спорттун бул түрлөрү дүйнөгө кенен жайылган. Айта кетчү сөз спорттук оюндарга канчалык кызыгуу, аракет менен мамиле кылсаң мөмөсү сөзсүз кайтат. Кандай гана спорттун түрү болбосун ден-соолук үчүн пайдасы бар. Анда төмөндө дүйнө жүзүндөгү кызыктуу, өзгөчө баары биле бербеген 5 спорттук оюндун түрү.

  1. Хёрлинг

Футбол, бейсбол жана хоккейдин аралашмасындагы оюнду элестете аласызбы? Ал эми Ирландияда мындай спорттун түрү бар жана хёрлинг деп аталат. Хёрлингдин оюнчусу футболчулардын формасын, бейсболдогу коргоочу тулга (шлем) кийет жана хоккей жыгач таягын (клюшка) алат. Бул оюндун максаты атаандаштын короосуна болушунча көп топ киргизүү.

  1. Шахбокс

Элестетип көрүңүз: шахмат оюнчусу бокс кол кабы менен шахматтан жүрүш кылып, атаандашты кантип утсам деп ойлонуп рингде олтурганын. Кызыктай көрүнүш! Таңгалбаңыз мындай оюн Финляндияда өткөрүлөт, шахбокс башка эч бир спорттун түрүнө окшош эмес. Биринчи оюнчулар шахмат ойношуп, андан кийин боксташат, баардыгы болуп 11 раундга созулат.

  1. Боссабол

Пляж волейболун ойноп жүргөндөр бийик секирип, күч менен топ чаап упай топтосом деп кыялданса керек. Мындай кыялды орундатуу баардык эле волейбол оюнчусунун колунан келе берчү иш эмес. Бирок Бразилядагы кенен жайылган боссабол оюнун ойноо учурунда бул кыялды кадимки эле катардагы жөнөкөй оюнчу аткарып коюшу ыктымал. Анткени бул спорттун түрү үчүн атайын чабуулчуга арналган батут орнотулган.

  1. Өзгөчө үтүктөө

Бул спорттун түрүнүн максаты эң жөнөкөй: болгону үтүктөөчү үстөлүн кошо ала жүрүп, бир нерсени күтүүсүз жерден үтүктөө. Бул оюнду уюштуруучуларда фантазия күчөйт. Мүмкүн парашют менен секирип баратып же Эверест чокусунда бей капарсыз үтүктөө сунушталат. Буга чейин оюнчуларга өзгөчө коркунуч туудурган, коопту кырдаалдар каттала элек. Болгону көрүүчүлөрдү таңкалдырган гана учурлар катталып келет.

  1. Курттарды кармоо

Улуу Британияда курттарды кармоо же терүү официалдуу спорттун түрү болуп саналат. Бул өтө белгилүү оюндардын бири. Жыл сайын Чешир графында курттарды терүү боюнча дүйнөлүк мелдеш өткөрүлөт. Эрежеси өтө жеңил. 30 мүнөттүк убакытта 3х3 чарчы метрлик аймактан болушунча көп курт терип, чогултуп чыгуу. Бул оюн балык уулоочуларга абдан ынгайлуудай.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт