// //

Вазектомия. Балалуу болгусу келбеген эркектер үчүн маалымат

2019.12.23, 13:56
4007

Уролог Азат Бейшенов балалуу болгусу келбеген эркектер үчүн вазектомия деген эмне, кандайча жасалат, жана процедура канча сом турарын Bilesinbi.kg’ге айтып берди.

Вазектомия деген эмне?

Бул хирургиялык жол аркылуу эркектердин урук чыга турган каналын бууп коюу. Вазектомиянын эки түрү бар.

Биринчиси, скальпель менен кесүү. Анда бейтаптын калтасы бир сантиметр тилинип, урук чыга турган канал кесилет.

Экинчиси, скальпельсиз жасала турган операция. Анда 1-2 мм тешик жасалып, ошол аркылуу урук чыга турган канал кесилет. Бирок мындай операция азырынча Кыргызстанда жасалбайт.

Вазектомия жасатуунун медициналык көрсөтмөлөрү барбы?

Буга бир эле көрсөтмө бар. Бул бейтаптын өзүнүн балалуу болгусу келбеген учур. Вазектомия жасаткандардын көпчүлүгү интернеттен маалымат окуп, андан кийин бизге кайрылышат.

Процедура кандайча өтөт?

Бизге кайрылып консультация алгандан кийин бейтап анализ тапшырат. Бул стандартуу анализдер: жалпы анализ, гепатитке, инфекцияларга. Андан тышкары бир катар органдарды УЗИге тарттыруу керек: простата безин, калтаны, табарсыкты.

Операциянын өзү 30-40 мүнөткө созулат.

Операциядан кийин госпитализация зарылбы?

Операция жергиликтүү анестезия менен жасалат. Операция бүткөндөн кийин бейтап 1-1,5 саат ооруканада жатат. Анан үйүнө кете берет.

Вазектомиядан кийин кандай оорлошуп кетүү (осложнение) болушу мүмкүн?

Кандай гана операция же процедура болбосун бул тобокелдикке баруу. Бул процедура учурунда да кан жоготуу, инфекция кирүү ж.б. орун алышы мүмкүн.

Операциядан кийин кандай көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл?

2 жумага чейин оор жүк көтөргөн болбойт, спорт менен машыгып, физикалык жактан активдүү болууга тыюу салынат. Андан тышкары 2 жума жыныстык катнашка барууга болбойт.

Вазектомия жыныстык катнаштын сапатына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Жок. Вазектомия жыныстык катнаштын сапатына эч кандай таасирин тийгизбейт. Бир гана өзгөрүү, бул процедура жасалгандан кийин эркек балалуу боло албайт.

Вазектомия жыныстык оорулардан сактай алабы?

Эркектин жумурткаларын инфекция жугуп калуудан коргойт. Бирок калган органдарды коргобойт.

Бул операциядан кийин балалуу болуу функциясын кайра кайтарса болобу?

Ооба, мүмкүн. Бирок бул мүмкүнчүлүк өтө төмөн. 100% кепилдик жок.

Вазектомиянын Кыргызстанда баасы канча?

Кыргызстандагы менчик клиникаларда вазектомия жасатуунун баасы 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт