// //

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

2019.12.18, 10:40
18292

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында апасына болгон таарынычы тууралуу айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

"Жыныс мүчөмдөн кан агып жатыптыр"

23 жаштамын. Студентмин. Сабактан кийин шаардагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштейм. Айылга баргым келбейт. Барсам да көпкө турбай кайра жөнөйм. Себеби, кичинемде апам катуу таарынткан.

Арадан канча жыл өттү. Ошол күндү дале унуталбайм. Кээде түшүмө чейин кирет, чочуп ойгоном. “Апа, эмнеге ошенттиңиз эле”, - деп, апама да ачык айталбайм. Түнтмүн. Өзүмдү-өзүм жеп жашап келем.

Он жашта болчумун. Курбу кыздарымдан эрте жетилдим. Төшүм чыгып, бетимди безетки баса баштады. Классташтарымдын шылдыңдаганы аз келгенсип, үйдөн апам жемелечү болду.

Апамдын бир туугандары жок, жылгыз кыз. Турмушка он жети жашында чыгыптыр. Билим албаганы кадимкидей билинип турат.

Бюстгальтер тагынышым керек болуп калды. Апам баарын көрүп турду. Бирок алып берген жок. Майкамды катуу тартып кийип, кээде жоолук таңып алчумун. Төшүмдү жашырыш үчүн бүкүрөйүп жүрөт элем.

Түн. Заара ушатып алдымбы? Чочуп ойгондум. Шейшеп суу. Караңгыдан эч нерсе көрүнбөйт. Кармалап жыттап көрсөм кан. Чуркап барып жарыкты күйгүздүм. Жыныс мүчөмдөн кан агып жатыптыр.

“Апаа!”, коркуп чаңырдым. Жердин баары кан. Апам чуркап келди. Жыныс мүчөмдү кармап турган мени көрүп, жаактан ары бир чапты. “Ким менен жаттың?”, - деп, сабап кирди. Же сүйлөй алсамчы. “Эч ким”,-десем, калп айтып жатканымды айтып дагы урду. Эртеси бейтапканага сүйрөп алып барды.

Башым айланып жатты. Кабинеттеги “Гинеколог” деген жазууну тиктеп отурдум. Апам мени алып кирди. Кебетемди көргөн дарыгер эже апамды акшыя карады. Столго жаткызып текшерди. Жыныс мүчөм дагы эле канап жаткан (менструация экенин кийин билдим).

Дарыгер эже апама бир нерселерди айтып жатты. Уккан жокмун. Эсимди жоготуп кулап түштүм.

Ошол күндөн бери баягы шайыр мүнөзүм жоголду. Эч кимге кошулгум келбей калды. Жалгыз жүрүп окууну бүттүм. Апаман алыс жашагым келип, тырышып окудум. Бюджетке өтүп шаарга кетип калдым.

Апам азыр карып калды. Тартылып кам көрөйүн дейм, бирок ичимден бир нерсе кармап турат (шолоктоп ыйлап). Этек кирим келген сайын ошол коркунучтуу түндү эстеп ыйлайм. Эмнеге апам андай кылды? Апамды кантип кечирсем болот?

Адис кеңеш берет

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, мен сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам! Көп учурда бала кезде алган жаракаттар өмүр бою эсте калат, айрыкча ачуу сөздөр, таарынычтар. Анан калса, бейкүнөө болуп турганыңды жабылган айыптоолор өзгөчө катуу тиет. 

Апаңызды түшүнгөнгө аракет кылыңыз – он жашыңызда жыныстык жактан жетиле баштапсыз. Алгачкы белгилер пайда болгондо урушпай, эмне болуп жатканын түшүндүрүп же дарыгерге алып барышы керек болчу. Мындай учурларда  бюстгальтер сатып бербесе да жок дегенде чыптама, жилетка кийгизсе болмок. 

Апаңыз медициналык жактан сабатсыз болгон, этек кири мынчалык эрте башталат деп эч ойлогон эмес. Кыязы, абдан коркуп кетип, этек кири эрте келди, демек, кимдир бирөө менен кошулду деп ойлогон.

Апаңыздын кызы үчүн болгон коркуусун элестетиңиз. Бул аны актабайт, бирок сабатсыздык өз ишин кылат. Балким, таенеңиз да апаңыз бул жагдайга туш болгондо ушундай иш аракеттерди.

Билесизби, бизде медициналык жактан сабатсыз адамдар көп. Мисалы, көпчүлүк эркек кыз төрөгөнү үчүн аялга кордук көрсөтүшөт. Таарынтып, кол көтөрүп, башка аял алыш керек экенин айтышат. Ал эми эркек баланын төрөлүшү эркектен гана көз каранды экени мурун эле аныкталган. Эркек жынысын аныктаган Y-хромосомасы эркекте гана бар, аялда бир гана X-хромосомалары болот.

Азыр апаңыздын бул тууралуу сурасаңыз, ал коркуп кеткенин айтып, кечирим сурайт болуш керек деп ойлойм. Эгер экөөңөрдүн ортоңордогу мамиледе чоң ажырым болсо, анда кеп баштоонун зарылчылыгы жок. Балким, апаңыз бул окуя жөнүндө унутуп койду деп, маани бербей жүрөт. Айтам деп чечим кабыл алсаңыз, сүйлөшүп алгыла, экөөңөргө тең жеңил болуп калат.

Биринчиден апаңызды түшүнүүңүз керек, ал эми кечирүүгө психолог жардам берет, бир-эки жолу барсаңыз, өзүңүздү жеңил сезип каласыз.

Бул кайгылуу окуядагы эң негизги тыянак – сиз эч качан өз кызыңызга мындай мамиле кылбайсыз. Келиңиз, бактылуу жашоого тоскоол болуп, ичиңизден жеп жаткан таарынычты азайталы. 

Алдыга багыт алыңыз, бюджетте окуйт экенсиз, ата-энеңизден көз карандысыз кылган жумушуңуз да бар экен, эми мамиле кура баштаңыз. Жакында турмушка чыгасыз, өзүңүз каалагандай үй-бүлө курасыз. Кымбаттуум, бактылуу болуңуз, келечек жөнүндө гана ойлонуңуз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт