// //

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

2019.12.17, 20:03
22397

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында депутат байкеси зордуктаганы айтылат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

"Үйгө кыздыгым жок кайтып келдим"

Туңгуюктамын. Жол көрүнбөйт. Башымда бир гана суроо. Балким, атам менен катышпай койсом, кыз бойдон калмакмын? Жооп жок.

15 жашка чейин атамдын ким экенин билбей өстүм. Апаман сурасам, жарытаарлык деле жооп бербечү. Экөө эмне болуп ажырашканынан деле кабарым жок. Ар ким ар нерсени айтат. Бирөөсү, чоң атаңдар апаңды сабап коюшкан десе, экинчиси күнөө апаңда дейт. Айтоор, маалыматтар так эмес.

Сабактан келе жаткам. Үйгө жетейин деп калганда, алдыма жашыл машина келип токтоду. Ичинен апам теңдүү киши чыгып, “Камиланын кызысыңбы? Жыпарасыңбы?”, - деди. Башымды ийкедим. “Кызым, мен сенин атаңмын”,-деп жаныма жакындады. Чочуп кетип, артка кадамдадым. “Коркпо, кызым”,- деп кучактады. Үйгө чейин жеткирип койду. Бул аралыкта кайда жүргөнүн айтып берди.

Үйгө кирерим менен апам, “иий, жолуктуңарбы?”,-деп сурады. Эмне болгонун баарын айтып бердим. Апам бир аз ойлонуп туруп, “Ал сенин атаң, катышасыңбы же жокпу өзүң билесиң. Бирок, атаңа айтып кой, менин көзүмө экинчи ирет көрүнбөсүн”,-деп, сыртка чыгып кетти. Ошентип атам менен катыша баштадым.

Май айы. Колума аттестат алаарыма аз калган. Кадимкидей эле күн болчу. Атам бул ирет жалгыз келген жок.

- Жыпара, кызым, таанышып ал, бул менин иним. Байкең депутат. Атайын сени менен таанышканы келди.
- Саламатсызбы!
- Кандай Жыпара? Окууларың жакшыбы? Кайда тапшырайын деп жатасың?
- Билбейм. Ойлоно элекмин.
- Кызым, байкең сени окууга өткөргөнгө жардам берет.

Аябай сүйүндүм. Мен эми окууга өтө алам деп, экзамендерге деле анчалык даярданган жокмун. Кыздарыма мактанганымчы. Баары жалган экен.
Көп өтпөй ал байке баягы жолдон мени тосуп алды. Жалгыз экен. “Окууң тууралуу сүйлөшөлү”,- деп машинасына отургузду. Андан кийин эмне болгонун эстегим келбейт. Үйгө кыздыгым жок кайтып келдим. Эч кимге үн катпадым.

Учурда 18темин. Үйгө жуучулар келип жатат. Кыздыгым жок кантип турмушка чыгам? Коркуп жатам. Айтыңызчы, эмне кылсам болот?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Ушундай абалга туш болуп калганыңыз үчүн, сизге терең кайгыруу менен көңүл айтам. Чынында, никеде бактылуу жашап жаткан аялдардын көпчүлүгү турмушка кыз бойдон чыккан эмес. Эркек аялды чын жүрөгүнөн сүйсө, ал үчүн ар дайым эле кыздык белги маанилүү болуп саналбайт. Баары индивидуалдуу. Мурунку никесинен балдары бар болсо да, экинчи же үчүнчү ирет турмушка чыгып жаткан аялдар бар экенин унутпаңыз. Баары сиздин башыңыздагы орнотуулардан көз каранды. Аял сактоо мөөнөтү бар товар эмес, бактылуу болууга татыктуу адам. Мен сизге жаратыңызды унутуп, алдыга жылуу үчүн психологго барып кеңеш алууну сунуштайм. Ийгилик сизге!

Психолог Эльвира Чокоева менен Instagram аркылуу байланышсаңыз болот. @elvira_psiholog 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт