// //

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

2019.12.16, 16:13
49272

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Кечээ классташ балдар менен жолугуп мончого бардык. Жуунуп бүтүп, шишкебек жеп сүйлөшүп отурдук. Көптөн бери көрүшө элек болчубуз, айта турган сөздөр толуп  кетиптир.

Ар кимдин көйгөйү чачтан көп. Машина, кредит же жумуш, баарын талкуулап бүтүп, кезек аялдарыбызга жетти. Так ошол маалда Докеге келинчеги чалып калды.

- Эмне эле болуп жатасың? Барам дедим го!

- ...

- Келсе эмне экен? Тамак жасап берип жиберип кой.

- ...

- Болду! Башты оорутпачы!

Трубканы коюп койду. Бизди карап, “ушу катын тажатты”,-деп кружкадагы сырасын куртулдатып жутуп жиберди.

- Чын, достор, аялымды кааалабай калдым. “Скучно!”. Эски халат кийип алып жүрө берет. Анан айла жок башканы карайсың да. Туурабы?

- Туура. Анан көңүл бурбайсың деп таарынышат.

- Ооба, баарына өздөрү күнөөлүү.

Бул болбогон кептерди уккум келген жок. Жеп жаткан балыгымды столго коюп, шашпай оозумду сүрттүм.

- Достор силердики туура эмес?

- Эмне дейсиң?

- Ваай, “подкаблучник” болуп калган жоксуңбу деги.

- Жок. Угуп турсаңар.

- Иий, айт угалы.

Ордуман турдум. Баарына бир сыйра көз жүгүртүп чыктым.

- Аялдар козгошу үчүн, биринчи бизди каалашы керек. Ойлоп көрсөңөр, биз козгой тургандай эркекпизби? Телефон же машина чукулаганга убакыт табабыз, ал эми келинчегибизге жок. Айтсаңар, качан акыркы ирет телевизорго, смартфонго же унааңарга алаксыбай аялыңарга убакыт бөлдүңөр эле? Мен кафега алып баруу же көйнөк сатып берүү жөнүндө эмес, анын көзүнө карап, кучактап, эркелетип, ыраазылык билдирүү жөнүндө айтып жатам. Эстей албай жатасыңарбы?

Ушунча жыл жашадык, бирок, аялыбыздын көзүнө караганга убакыт таба алган жокпуз. Аны каалабай калдык деп, башкаларга көз салып жатабыз. Өзүбүз төшөктө аялыбызды таң калтырдык беле? Албетте жок, ишибизди бүтүргөндөн кийин болду да.

Ал эми байкуш келинчектерибиз бизди аяп, "ушунун көңүлү түшүп калбасын",-деп, калп эле онтолоп, оргазм алымыш болушат. А биз мунун ордуна аларга эмне бердик? Претензия кылгандан башка эч нерсе билбейбиз.

Аялдардын эски халат кийип, өзүнө карабай калышына, мына биз, тактап айтканда кайдыгерлигибиз күнөөлүү!

Билесиңерби жигиттер, минтип жүрө берсек, аялдарыбызды көзүнө караган, колун кармап кучагына кыса алган, аны шыктандырган башка бир эркек илип кетет. А биз чоң курсагыбызды кучактап кала беребиз. Бул чындык.

- Мунун баарын кайдан билесиң?

- Келинчегимди башка бирөөгө алдырып жибергем.

- Эмне?

- Ооба, көзүнө караган эмесмин, ар дайым даттанып, күнөөнү ага койгом, эркелетпегем, белек бербегем, айткандарын укпагам, ыраазы болбогом, аялга жылуу-жумшак мамиле керек экенин билбегем. Анан аялым бир келген өмүрүн мендей акылсызга коротуп жүрө берген жаны жок куурчак беле? 

“Кой, кеч болуп кетти, туралы”,-деп Доке кийине баштады.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Абысындардын баары эле аңдышкан жоо эмес экенин келин болгондо билдим

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт