// //

Күйөөм тапкан акчасынын барын кайын энеме берет. Бул туурабы?

2019.12.13, 13:00
1809

Турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Кудайга шүгүр, кызыбыз бар, жолдошум жакшы киши, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Кайын атам, кайын энем менен бир турабыз. Алар да жакшы кишилер.

Болгону кайын энем барына кийлигише берет. Коноктор келсе, тигини алып кел, муну алып кел дей берет. Кудайга шүгүр өзүм деле оокатка тыңмын. Айтпаса деле бардыгын өзүм жасайм. Жада калса, күйөөмдүн көйнөгүн үтүктөп жатсам, өтүп баратып, “үтүгүндү сууруп кой, сасып кетти”, деп айтат жөн өтпөй. Эми мен деле үтүк көрүп чоңойгом да.

Күйөөм апасына өтө жакын, тапкан акчасынын барын берет. Анан өзүбүз жалдырап эле отуруп калабыз. Мончого барып келиш үчүн да апаман акча сурайбыз. Кийим-кече, дары-дармекти айтпай эле коеюн.

Акчанын баарын бербей, бизге деле бир аз алып калсаң болот беле? Биз эми кенедей бала эмеспиз да, өзүбүздүн да пландарыбыз бар, керектөөлөрүбүз бар десем, мени жаман көрөт. Эмне алар сага чоочун көрүнүп жатабы, деп.

Бирок биз аялы-күйөөсү болгон соң, акчаны өзүбүз кармап, өзүбүз бөлуштүрсөк болот эле го?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.12.2019, 13:04

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Сиздин айтып бергендерден бир нерсени түшүндүм. Силерде эки үй-бүлө бар экен – биринчиси кайын энеңиз жана күйөөңүз, экинчиси сиз жалгыз.

Күйөөңүз эмоционалдык жактан энесинен бөлүнө элек. Ал дагы деле өз алдынча болуп, өз алдынча чечим чыгарганды билбейт. Ошондуктан апасынын тилин алып, тапкан акчасынын бардыгын ага өткөрүп берет. Ал эми сизди үйгө келген конок сымал кабыл алат. Аң сезиминин түпкүрүндө мындай деп ойлонот: конок болгону аз келгенсип, дагы өзүнүн талаптарын коюп жатат.

Сиздин нааразычылыгыңыз жана ачууланганыңыз туптуура эле реакция. Бирок, эч нерсени жактырбаган кебете менен эч кандай жыйынтыкка келбейсиз. Тактикаңызды өзгөртүңүз.

Жолдошуңуздан бир аз болсо да сизге акча берүүсүн сураныңыз. Сиз үчүн жасаган нерелерине ыраазычылык билдириңиз. Рахматыңызды айтып, жылуу мамиле, жагымдуу сөздөн аянбаңыз. Күйөөңүз сиздеги позитивди көрүп, сизден энергия алат. Акырындык менен жакындашып, сырдаш болуп каласыңар.

Көч бара-бара түзөлөт деген жакшы сөз бар. Сабырдуу жана көрөгөч болушуңузду каалайм. Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул жактан окусаңыз болот:

Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалышат? Анын терс жактары

Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси

Ата-энеге жармашпай өз алдынча оокат кылса болобу? Сепарация тууралуу түшүнүк

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт