Жаңы төрөгөн балам окшуп жатат. Бул эмнеси? Педиатр жооп берет
Төрөгөнүмө 12 күн болду. Акыркы эки күндөн бери балам жүрөктү түшүрүп, башкача окшуп жатат. Медсестрадан сурасам, көп эмген үчун деп койду. Бала көп эмсе, жөн эле ашыкчасын кузуп салат го. Эмнеге окшуп жатат? Аябай кыжалат болуп жатам.
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Саламатсызбы. Баланын көрбөй туруп бир нерсе деп айтыш кыйын. Суроого толук жооп берүү үчүн педиатр мындан башка кандай белгилер бар экенин, төрөт процесси кандайча өткөнүн, өзүңүз төрөгөнсүзбү же кесердик кесүү аркылуубу, төрөт процесси канчага созулганын, кош бойлуулугуңуз кандай өткөнүн, бул канчанчы балаңыз экенин, сиз кандай тамактанып жатканыңызды, жана өзүңүздүн жалпы абалыңыз кандай экенин билүүгө тийиш.
А балким, сиз туура эмес эмизип жатасыз? Баланы эмизүү режимин сактоого аракет кылып көргүлө.
Ымыркайды медайымга эмес, педиатрга көрсөтүңүз. Балким анализ тапшырууга туура келет. Интернеттен сурап жалпы симптомдорду окшоштуруп, өз алдынча дарылоого аракет кылбаңыз. Ар бир баланын организми индивидуалдуу, башкаларга жардам берген нерсе сиздин балаңызга тетири таасирин тийгизиши мүмкүн.
Балаңыздын ден соолугу бек болсун!