ЗАГСты туугандарыбыз барып алып койсо болобу? Эксперт жооп берет
2019.12.13, 11:03
1142
Өткөн жылы ЗАГСка арыз таштап бирок албай эле Россияга келе бергенбиз. Учурда ЗАГСыбыз жок, балама да документ ала элекпиз. Арыз таштаган жерге туугандарыбыз паспортторубуздун көчүрмөсү менен барып ала алышабы? Же сөзсүз өзүбүз барышыбыз керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.12.2019, 11:05
Бакай Алишеров
КР Мамлекетти каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатсызбы. Жок, туугандарыңыз барып ала алышпайт. Тилекке каршы өзүңөр келишиңер керек. Себеби, чын эле силер аласыңарбы, же башка адамдар мыйзамсыз документ алууга аракет кылып жатышабы, биз билбей калабыз. Жарандарды каттоо кызматынын эрежелерине ылайык арызды өзүңөр гана таштап өзүңөр гана аласыз.
0
Пайдалуу жооп