Кош бойлуу болгонума 42 жума болду. Толгоом жок. Гинекологдун жообу
Боюмда бар. Менин эсебиз боюнча 42чи жума бүтүп жатат. Бирок ичимдеги бала анча кыймылдабай эле. Ашказанга тыгылып тургандай сезилип жатат. Башка балдарыма салыштырмалуу ичимдин формасы да башкача. Эмне кылышты билбей турам.
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Тез арада доктурга барыңыз! Сиз эмне учетко турган эмессизби?
42чи жумада курсактагы баланын баш сөөгү катый баштайт. Эсиңизде болсо, баланын башы төрөткө чейин жумшак болот. Бул анын жыныс кынынан өтүу жолун жеңилдетет.
Андан тышкары бала салмак кошот. Бул да төрөт процессин оорлотуп коет.
Же балким, сиз туура эмес эсептеп алгансыз. Чынында 42 жума боло элек болушу мүмкүн. Эмнеси болсо да, гинекологго көрүнүңүз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!