Уйлардын оорулуу экенин айтпай туруп саткан. Акчасын кайра өндүрүп алсак болобу?
Саламатсызбы редакция. Мен күйөөм менен ажырашкам, үч балам бар. Иним балдарың менен кыйналбай жашагын, деп мага он баш уй сатып берген. Уйлардын ээси, алардын оорулуу экенин бизге айтпай саткан экен. Мал доктурга көрсөтсөк оорулуу, сүтүн саап ичкенге болбойт, деп жыйынтык чыгарып берди. Дарыласак да болгон жок. Кайра бардыгын өтө арзан баада сатууга туура келди.
Эми биз ошол уйлардын ээсине айтып, акчасын кайра өндүрүп алсак болобу? Эмне кылышыбыз керек?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер уйларды келишимдин негизинде сатып алып, алардын санитардык китепчелри бар болсо, бирок анда уйлардын оорусу тууралуу маалымат жазылган эмес дейли. Бирок ветеринардын корутундусунун негизинде ал оорулар кандай жол менен жукканы же пайда болгонун аныктап, бардык далилдерди тиркеп, жарандык тартипте доо-арыз жазып, кетирген чыгымды өндүрсө болот.
Ал эми эч кандай кагаз жүзүндөгү документтериңиз болбосо, тилекке каршы сиздин абалыңыз жардамсыз калат. Ошондуктан бардык ишти жүргүзгөндө, соода-сатыкта келишим түзүп, документтештирүү зарыл. Бул биринчи кезекте өзүбүз үчүн керек.