// //

Абитуриентке. Кореяда билим алуунун жолдору

2018.02.06, 10:22
6865

Түштүк Кореянын Ансан шаарындагы Ханянг (Hanyang university) университетине гранттык орун утуп алган мекендешибиз Елена Ким Кореянын окуу программалары жөнүндө маалымат берди.

Кореяга кетүүчү жолдор көп. Эгерде сиз билим алгыңыз келсе, эки вариант бар: KGSP программасы же өзүңүздү кызыктырган университетке түз документ жолдоо.

KGSP программасы –Корея өлкөсүнүн стипендиалык программасы. Эгерде бул программадан өтүп кетсеңиз, сиздин окууңуздун контракты төлөнүп, кошумча ай сайын кем-каржыңызды толугу менен жапкан стипендия берилет. Сизден болгону мыкты жетишкендик талап кылынат. Программа боюнча кененирээк маалыматты http://www.studyinkorea.go.kr/en/main.do расмий баракчасынан алаласыз.

Эң маанилүүсү окуу, окуу жана окуу.

Экинчи вариант, өзүңүз тандаган окуу жайдын сайтына кирип, керектүү документтерди топтоо. Ошондой эле ар бир университеттин стипендиялык программасы жана льготалары болот. Көпчүлүк чет элдик студенттер бекер окушат же арзандатуу алышат.

Кореядагы билим берүү, бардык жердегидей эле. Кыргызстандан айырмаланган негизги өзгөчөлүгү - кредиттик окутуу системасы.

Кредиттик система -окууну бүтүрүү үчүн белгиленген сандагы кредитти угушуңуз керек дегенди билдирет. Милдеттүү жана тандоо сабактар бар. Студент сабак тартиптерин өзү түзөт. Сабактар корей тилинде өтүлөт, бирок ошону менен катар англис тилиндеги сабактар да көп. Университеттерде билим боюнча атаандаштык күчтүү.

Чет жакада окуу дайыма кыйын.

Акча маселесине токтоло кетсем. Түштүк Кореянын жеке окуу жайларында бакалавриатта окуу үчүн бир семестрге 3,000-6,200$, магистратурага 3,750-7,200$ каражат керек. Мамлекеттик жана улуттук университеттерде бакалавриатка бир семестрге 2,000-4,600$, магистратурага 2,450-5,200$ төлөнөт. Бир айга жатаканага 200-350$, тамак-ашка 150-300$, башка керектүү нерселерге 100-150$ кетет.

Кореяда билим алуу үчүн керектелүүчү документтер

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт