// //

Ата энеси мажбурлап талак бердиртсе, нике бузулган болобу? Теологдун жообу

2019.12.11, 13:55
1545

Саламатсызбы. Күйөөмдүн ата-энеси мажбурлап мага талак бердиртишти. Телефон чалып 3 жолу айтты. Ошондо никебиз бузулдубу? Мындан ары эмне кылышыбыз керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.12.2019, 13:56

Кадыр Маликов

Теолог

Исламда кандай гана иш чара болбосун, адамдын ниети коюлбаса, чын дилинен айтпаса, жараксыз болуп саналат. Эгер сиздин күйөөңүз талак деп айтып жатканда сиз менен ажырашуу ниети болбосо, башкалардын мажбурлоосу, күчкө салуусу менен айткан болсо, никеңер бузулган болуп деп эсептелинбейт.

Ушул эле эреже нике кыйдырып жатканда да иштейт. Эгер турмушка чыгып жаткан кыздын көңүлү жок болсо, аны күчкө салып, коркутуунун айынан турмушка чыгып жатса, мындай түгөйдүн никеси кыйылган болуп саналбайт.

Сиздин кырдаал боюнча тагыраак маалымат алуу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлумүнө кайрылып көрүңүз. Алар силердин конкреттүү ситуацияны карап чыгып, тагыраак маалымат берип, андан ары эмне кылышты айтышат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт