Эл каттоо 2020да иштегим келет. Ал үчүн кайда кайрылышым керек?
Саламатсызбы. Эл каттоо 2020, мен ушул жумушка иштегим келет. Кантип кирсем болот?
Аскер Сакыбаева
Улуттук статистика комитетинин басма-сөз катчысы
Саламатчылык. Эл каттоо 2020-га кирип иштөө үчүн атайын 3 күндүк окутуу курсатрынан өтүү керек. Ар бир региондо Улутстаткомдун облустук бөлүмдөрү бар. Ошол жака кайрылып, так маалыматты билип алсаңыз болот.
Эл каттоо 2020га иштей турган адамдарга төмөнкү талаптар коюлган:
- мурда элди каттоого иштегендерге приоритет берилет;
- белгилүү бир үлгүдөгү смартфону болууга тийиш;
- электрондук гаджет менен иштегенди билүүсү керек;
- жашы 20дан кем эмес, бирок 60тан жогору эмес болуусу зарыл.
Анткени бул иш физикалык жактан ден соолуктун чың болушун талап кыла турганы белгилүү.
Бул жолку элдик каттоо электрондук форматта өтөт. Электроднук форматта өткөнү элди каттоо процессин кыйла женилдетип, маалыматтын тагыраак болуусуна өбөлгө түзөт.
Эскертебиз, Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейинки мезгилде өткөрүлөт.
Кошумча маалыматты stat.kg сайтынан жана facebook, instagram, Oдноклассники социалдык баракчаларынан тапсаңыз болот.